Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баткен: каза тапкан 27 жарандын үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон компенсация берилди

© Sputnik / Эламан КарымшаковВоенный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Жалпы жонунан компенсация төлөөгө 51 миллион 556 миң сом каралган. Жаракат алгандарга да 100 миң сомго чейин компенсация төлөнөт.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткендеги куралдуу кол салууда каза болгон 27 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жаракат алган 67 жаранга 50-100 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсация, жолдор" аталышындагы брифингге катышты.
Жунушалиевдин айтымында, жалпы жонунан компенсация төлөөгө 51 миллион 556 миң сом каралган.
"Албетте, компенсация алуу үчүн тийиштүү процедуралардан өтүшү керек. Бул 27 үй-бүлө бардык документин толуктаган, башкаларга дагы процедуралардан өтүп бүтөрү менен кенемте төлөнөт", — деди Жунушалиев.
Ошондой эле ал алган жараатынын оордугуна карап 50 миңден 100 миң сомго чейин 67 жабырлануучуга компенсация төлөнгөнүн кошумчалады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган. Бул окуядан кийин кыргыз бийлиги каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жарадарларга 50-100 миң сомдон төлөп берүүнү убадалаган. Каражат республикалык бюджеттен алынат
Жаңылыктар түрмөгү
0