Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баткендин атайын эсебине которулган акча алигиче пайдаланыла элек. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛейлек районунун Максат айылынын тургундары. Архив
Лейлек районунун Максат айылынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин орун басарынын айтымында, атайын эсептеги акчаны колдонуп, жумшоо тартибин бул жумада бекитишти.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин аймакка жардам кылуу үчүн атайын эсепке которулган акчасы эч жакка жумшалган эмес. Каражат жабыр тарткан аймакты колдоого жана зыян тарткан элге жардам көрсөтүүгө чыгымдалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.
Мындай маалыматты ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсациялар, жолдор" деп аталган брифингде айткан.
Жунушалиев өлкөнүн ичинде жана чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар Баткен облусуна жардам кылуу боюнча демилге көтөргөнүн эске салды. Коммерциялык уюмдар да көмөк көрсөтүү ниетин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүн айлык акысын которушкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев
Первый заместитель председателя кабинета министров Айбек Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев
"Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин атайын эсебине 2,5 миллион сомдон ашык акча чогулган. Бүгүнкү күнгө чейин ал каражат эч жакка жумшалган эмес. Бул жумада акчаны эмнеге, кантип колдонуу тартиби аныкталат. Негизинен имараттарды, курулуштарды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, андан сырткары, чек ара жаңжалында жабыркап, зыян тарткандарга жардам кылууга кетет", — деп түшүндүрдү ал.
Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Баткендин башчысы Алимбаев: "Айылды таштабайбыз" деген аялдарды көргөндө шердендим
Брифингде буга чейин Жунушалиев баткендиктер үчүн жеңил конструкцияда 46, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү үчүн кирпичтен 36 үй курулуп жаткандыгын айткан эле. Мындан сырткары, социалдык объектилер — мектеп, бала бакча жана ФАПтар курулуп, оңдолуп-түзөлүп жаткандыгын билдирген. Турак үйлөр тартылган демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми социалдык объектилердин арбыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жана калыбына келтирилүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0