Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баткенде ишкерлер 1,3 млрд. сомдук зыян тартты. Мамлекет компенсация төлөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Чыгымдарды эсептеген ӨКМ менен Экономика жана финансы министрлиги ар башка сумманы көрсөткөн. Натыйжада жергиликтүү бийликтин маалыматын колдонуу сунушталган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан зыян тарткан ишкерлерге компенсация төлөп берүү пландалууда. Ошондой эле пайызсыз кредит берүү сунушталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсация, жолдор" аталышындагы брифингге катышты.
Аткаминердин айтымында, бүгүн Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосуна ишкерлер тарткан зыяндын жалпы суммасын аныктоо боюнча долбоор киргизилет.
"Компенсация белгилүү бир өлчөмдө болот. Биз ишкерлерге жаңжалда жабыркаган жөнөкөй жарандардан көп төлөп бере албайбыз. Ага кошумча ишкерлерге 200 миң сомдук пайызсыз кредит сунуштайбыз. Зыянга учураган 76 ишкердин баары мындай кредитти тоскоолдуксуз алышы үчүн банктарда "кара тизмеде" турганы да эске алынбайт", — деди Жунушалиев.
ӨКМ менен Экономика жана финансы министрлиги ар башка сумманы көрсөткөн. Ал эми жеринде иштеп келген комиссия дагы өзүнүн эсебин чыгарган.
Рабочая поездка президента КР в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Пресс-борбор
Жеңил конструкция менен 140 үй. Баткенде кандай объектилер курулуп жатканы айтылды
"Жергиликтүү бийлик органдары чыгарган зыяндын өлчөмү ӨКМ менен Экономика жана финансы министрлиги эсептеген суммадан көп болууда. Жергиликтүү бийлик берген цифраларды бекитүү чечими кабыл алынган. Алардын маалыматы боюнча, ишкерлер 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянга учураган", — деди ал.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган. Бул окуядан кийин кыргыз бийлиги каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жарадарларга 50-100 миң сомдон төлөп берүүнү убадалаган. Каражат республикалык бюджеттен алынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0