Улуттук банк эпидкырдаалга байланыштуу айрым кызматтарын токтотту

© Sputnik / Эмиль СадыровДеятельность Нацбанка КР
Деятельность Нацбанка КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Мындай кадамдар СOVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында жасалып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошконуна байланыштуу кардарлар менен иштөөгө убактылуу чектөө киргизди.
Ага ылайык, эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операциялар токтотулган.
Мындай кадамдар СOVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында жасалууда. Эпидкырдаал жакшыргандан кийин кайра мурунку режиминде иштей баштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0