Саткан унааңыздын айып пулун төлөп жатасызбы? Өкмөт маселени чечүү жолун тапты

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги автоунаалар. Архив
Бишкектеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Эреже бузган айдоочу автоунаанын документте катталган ээсин издеп калары, азыр тескерисинче болуп жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду төлөбөгөн айдоочулардын автоунаасын каттоону убактылуу токтотууну сунуштады.
Муну менен эреже бузган айдоочу автоунаанын документте катталган ээсин издеп калары, азыр тескерисинче болуп жатканы белгиленет.
"Демилге автотранспорт ээлеринин мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо жана автокөлүктүн жаңы ээлеринин айып пул боюнча көйгөйүн чечүү максатында иштелип чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Автоунаанын документтеги ээси бардык калкты тейлөө борборлоруна жана "Унаа" мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылып, транспортту убактылуу каттоодон чыгарып салса болот. Анын кайрылуусунун негизинде электрондук маалыматтык базага киргизилип, арыз ээсине үч жылдык мөөнөткө каттоо токтотулганы туурасында маалым кат берилет.
Оң рулдуу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Оң рулдуу унааларга тетиктерди сырттан киргизүүгө тыюу салуу сунушталды
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында катталган эреже бузуулардын айып пул жана туумдарын каттоодон чыгарып салганга чейин төлөө зарыл. Андан кийин автоунааны айдоого тыюу салынат. Муну Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт.
Унааны айдап жүргөн жаран үч жылдык мөөнөттүн ичинде айып пулдарды төлөп, унаанын ээси менен мунаса келсе, кайра айдоо укугу берилет. Эгер үч жылга чейин ээси келбесе автоунаа толугу менен каттоодон алынып, жүрүүгө тыюу салынат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык айдоочуларга сатып жатканда жоопкерчиликти алыстатуу үчүн дароо жаңы ээсинин наамына өткөрүп берүүнү сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0