ӨКМ атайын өрт куткаруу кийимдери

ӨКМ куткаруучуларга атайын кийим алып берүүнү сүйлөшүүдө. Сүрөт

50
Учурда аталган министрлик чет өлкөлүк фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

  • МЧС рассматривает вопрос обеспечения специальной пожарной формы. 06 июля 2021 года
    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат
    © Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков
  • МЧС рассматривает вопрос обеспечения специальной пожарной формы. 06 июля 2021 года
    Ага ылайык, учурда министрлик атайын кийимдерди чыгаруучу чет өлкөлүк фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
    © Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат

Ага ылайык, учурда министрлик атайын кийимдерди чыгаруучу чет өлкөлүк фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Ал кийимдер отко, жогорку температурага жана тез тутануучу суюктуктарга туруштук бере алат", — деп жазылган маалыматта.

Жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата оор инженердик техника тапшырылган. Ал каражаттарды Азия өнүктүрүү банкы гранттык негизде алып берген.

50
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, сатып алуу, кийим, куткаруучу, ӨКМ
Тема боюнча
Чолпон-Атада ӨКМдин 30 жылдыгына карата 5 өлкөнүн жыйыны өттү
Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

Шумкар асманда учкан дронго кол салып, аны илип кетти. Видео

7
Социалдык тармактарда шумкардын квадракоптерге чабуул койгон видеосу тарады. Жырткыч куш аппаратты мыкчып алып кеткен.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, окуя Камчатка аймагында жергиликтүү блогер табияттын кооздугун тартып жатканда болгон.

Жырткыч куш учуучу аппаратка кол салган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шумкар дронду учуп бара жаткан жеринен илип кеткен. Аппаратты асманда бир кыйла аралыкка чейин мыкчып барып, саздак жерге таштап койгон.

Маалым болгондой, дрон GPS координаттары аркылуу табылган.

7
Белгилер:
окуя, Камчатка, Чабуул, дрон, шумкар
Тема боюнча
Аюулар дронго кол салганда... Сахалинде тартылган видео
Көзүн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

41
(жаңыланган 15:32 27.07.2021)
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова ысыкта териге кам көрүү жана күнгө туура кактануу тууралуу айтып берди.

Тоолуу аймакта жашагандыктан кыргызстандыктар spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май колдонушу керек. Ал эми пляжга баргандар күндөн коргонуучу кремди 15-20 мүнөт сайын жаңылап сүйкөө зарыл. Бул тууралуу Назира Элебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

Анын айтымында, териге кам көрүүдө туура тамактанып, жетиштүү деңгээлде суу ичүү керек.

"Жайында терини коргоочу каражаттарды колдонуу сунушталат. Ар бир адам өз терисинин өзгөчөлүгүнө жараша косметика тандоо абдан маанилүү. Ысыкта курамында ретинол бар, терини агартуучу каражаттарды колдонбош керек. Мында сепкил түшүп же пигменттик тактар карарып кетиши мүмкүн. Негизи беттин териси 70 пайыз косметологдон, калганы үйдөн кам көргөнгө жараша болот. Учурда бетти нымдаштыруучу процедуралар актуалдуу болуп жатат. Бул ийне аркылуу гиалурон гелин куюу, RF лифтинг аркылуу терини жашартуу ыкмалары. Азыр саат 12ден 15:00гө чейин күн ачуу тиет. Андыктан бул убакытта сыртка чыкпай, эртең менен же кечирээк күнгө күйүү сунушталат", — деди Элебесова.

Косметолог күнгө өтө күйүп калганда температура көтөрүлөрүн, бул учурда күнгө чыкпай, көбүрөөк суюктук ичиш керектигин айтты. Андан сырткары, дарыгерге кайрылып, ал сунуштаган майды сүйкөө керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

41
Белгилер:
Назира Элебесова, кам көрүү, тери, косметолог
Тема боюнча
Кандай адамдар пляжда күнгө көп күйбөшү керек. Адистин пикири