Кыз. Иллюстративдик сүрөт

Диетолог: уйкусу канбаган адам тез семирет

140
Эгер уйку мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап, канбай калса, табитти басаңдаткан лептин гормонунун деңгээли азайып, адамды ачка кылган герлин менен кортизол гормондору көп бөлүнүп чыга баштайт.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Диетолог Татьяна Разумовская спорт менен машыкпаган жана диетага отура албагандар үчүн ашыкча салмактан арылуунун жолдорун айтты. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Диетолог арыктоодо уйку өтө маанилүү роль ойнорун белгиледи.

"Эгер уйку мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап, канбай калса, табитти басаңдаткан лептин гормонунун деңгээли азайып, адамды ачка кылган герлин менен кортизол гормондору көп бөлүнүп чыга баштайт. Кортизол гормону бөлүнүп чыкканда адам тамакты көп жеп, курсак тарапты май басат", — деген адис.

Спорту жок арыктайм деген киши тамактануу рационуна клетчатканы кошкону оң экени айтылды. Маалым болгондой, андагы булалар канда холестерин менен канттын деңгээлин жөнгө салып, ичегиге оң таасир тийгизет.

"Күнүнө 20-40 граммдан курамында клетчатка бар тамак жеш керек. Ошондой эле кургатылган жер-жемиш, жаңгактын, ботконун түрү, жашылча да ашыкча болбойт. Арыктоодо белок да маанилүү. Мейли сүт азыктары, эт, балык, жумуртка болсун, сөзсүз жеп туруш керек", — деди диетолог.

Белгилей кетсек, клетчатка жемиштердин ичинен кургатылган өрүктө (100 граммга 18 грамм), кургатылган алмада (14,9 грамм), кара өрүктө (9 грамм), авокадодо (6,8 грамм), курмада (алты грамм) көп болот. Ал эми жашылчалардын ичинен брокколиде (3 грамм), баклажан жана кызылчада (2,5 граммдан) мол болот. Бул тууралуу буга чейин онколог жана проктолог Елена Смирнова билдирген.

140
Белгилер:
арыктоо, спорт, диета, адис, кеңеш, клетчатка, уйку
Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архив

Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби

25
(жаңыланган 19:46 05.08.2021)
Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери үй камагында отурган. Ал эми ага чейин Кой-Таш окуясы боюнча фигурант болгондуктан бир жылга чукул абакта калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Эми ал 5-октябрга чейин аталган жайда кармалат.

"Айыптоочу тарап ал үй камагынын тартибин бузду деп кине такты. Бирок ал саат 22:00дөн кийин эшикке чыкса да тартип коргоо органдарынан жашырынбай жана сотторго басым кылган эмес. Эреже сакталган", — деди жактоочу.

Жээнбеков анын баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүн кечээ социалдык тармактагы баракчасына жазып, абакта чачтарач жок болгондуктан чачын тегиздетип алып барарын айткан.

Саясатчы соттун жогорудагы чечиминен кийин журналисттерге саясий куугунтуктоого кабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 2019-жылы декабрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылган. Сот иштери уланып, 2020-жылы октябрда үй камагына чыгарылган.

25
Белгилер:
Равшан Жээнбеков, тергөө абагы, сот, үй камагы
Тема боюнча
УКМК "Кыргыз көмүр" ишканасынын директорун кармады
Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

118
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

118
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Алтайдагы Катунь дарыясы. Архив

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

0
(жаңыланган 19:49 05.08.2021)
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

0
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Тема боюнча
Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр