Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Жаңы тариф боюнча электр кубаты менен жылуулуктун төлөмү канчага көбөйөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Жарык үчүн айына 500 киловатт-саат жаксаңыз азыркыдан 163 сомго көп төлөйсүз, бирок 1000 киловатт-саат колдонгондо, тескерисинче, 92 сом үнөмдөлөт.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова кыргызстандыктар жаңы тариф боюнча электр энергиясына жана жылуулукка канча төлөп калары туурасында айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековОтун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова
Заместитель директора ГАРТЭК при МЭП КР Миргуль Айдарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова
"Эгер сиз бир айда 500 киловатт-саат жаккан болсоңуз, жаңы тариф боюнча 163 сомго көбүрөөк төлөйсүз. Ал эми күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт-саатка чейин колдонсоңуз, анда, тескерисинче, былтыркыга салыштырмалуу 92 сом үнөмдөйсүз. Эмнеге үнөмдөйсүз? Азыркы тариф боюнча 700 киловатт-сааттан кийин 77 тыйындык тариф 2,16 сомго жогорулайт. Жаңы баа менен 1000 киловатт-саатка чейин 1,09 сом болот. Эгер айына 2000 киловатт-саат колдонсоңуз, өткөн жылкыдан 268 сомго көп чыгат", — деди Айдарова.
Агенттиктин директорунун орун басары жылуулук үчүн тарифтер кандай жогорулаганы туурасында дагы түшүндүрүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы
"Бир бөлмөлүү батирде жашагандар былтыркыдан 204 сомго көп төлөйт. Эки бөлмөсү барлардыкы 279 сомго өсөт. Эгер үч бөлмөлүү болсо (61 чарчы метр) төлөмү 366 сомго көбөйөт. Мындай ыкма менен эсептегенде тиричилик үчүн колдонулган керектөөчүлөргө азыраак күч келет", — деди Айдарова.
Ошондой эле ал жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров апрелде электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнү сунуштаган. Башында бийлик калктын жашоо шартына карап категория боюнча тариф киргизүүгө камынган. Бирок кийинчерээк министрлер кабинети баарына бирдей тариф (киловатт-саатына 1,09 сом) коюуну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0