9 киши каза болуп, 4 миңден ашык адам ооруканада жатат. COVID статистикасы

© AP Photo / Juan KaritaCOVID-19 ооруган бейтап ооруканада медициналык кызматкер менен. Архив
COVID-19 ооруган бейтап ооруканада медициналык кызматкер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 134 501ге жетсе, анын ичинен 114 756 адам дартты жеңген.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 198 адамдан коронавирус табылып, 781 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 717;
  • Ош шаары – 60;
  • Чүй облусу – 142;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 20;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 53;
  • Баткен облусу – 88.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 134 501ге жетсе, анын ичинен 114 756 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 358;
  • Ош шаары – 73;
  • Чүй облусу – 99;
  • Ош облусу – 94;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 27;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 62;
  • Баткен облусу – 31.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде тогуз адам коронавирустун курмандыгы болгон. Ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 063кө жетти.
Каза тапкандар:
  • Бишкек шаары – 4;
  • Чүй облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 1.
Азыркы тапта 4 253 бейтап стационарларда жатат. Ал эми үйдө дарылангандардын саны 12 315 адамды түздү. Бир суткада 30 медиктен коронавирус аныкталган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0