Кытайдан келчү Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн. дозасы кандай бөлүнөрү айтылды

© AFP / ROBERT ATANASOVSKIМедициналык кызматкер COVID-19 каршы Sinopharm кытай вакцинасы менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы Sinopharm кытай вакцинасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
9-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1,1 миллион дозаны өлкө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алса, 150 миң дозасын Кытай акысыз берген.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдан келчү Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы облустар боюнча кандай бөлүштүрүлө турганын брифингде айтты.
Маалым болгондой, келе турган вакциналар облустарга төмөндөгүдөй көлөмдө бөлүнөт:
  • Бишкек — 240 миң доза;
  • Ош шаары — 110 миң;
  • Ош облусу — 175 миң;
  • Чүй облусу — 200 миң;
  • Ысык-Көл облусу — 120 миң;
  • Жалал-Абад облусу — 165 миң;
  • Баткен облусу — 80 миң;
  • Нарын облусу — 80 миң;
  • Талас — 80 миң.
Жаңылыктар түрмөгү
0