Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө учурунда аял. Архив

Кыргызстанда убактылуу 868 эмдөө пункту ачылат

80
(жаңыланган 11:14 07.07.2021)
Эмдөө пунктулары медициналык мекемелерден тышкары окуу жайлардын, соода жана эс алуу жайларынын имаратында жана ири базарларда иштей турганы айтылды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жасоону ыкчам жүргүзүү үчүн убактылуу 868 эмдөө пункту ачылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда маалымдады.

"868 эмдөө пунктунун 521и мамлекеттик медициналык мекемелерде, 11и жеке менчик медициналык жайларда, 116сы жалпы билим берүүчү окуу жайларда, 25и соода-эс алуу жайларында, 53ү спорттук мекемелерде, 63ү ири базарларда ачылмакчы", — деди Бакашова.

Мындан сырткары, калкты эмдөө үчүн 78 мобилдик бригада уюштурулган. Бакашова вакцинаны сактоо үчүн эмдөө пунктуларынын бардыгы муздаткыч, ал эми мобилдик топтор термоконтейнер менен жабдыла турганын кошумчалады.

80
Белгилер:
пункт, эмдөө, вакцина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (191)
Тема боюнча
Кытайдан келчү Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн. дозасы кандай бөлүнөрү айтылды
Эмдөөдөн кийин антитело калыптанбаса эмне болот. Адистин пикири
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

4
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

4
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

30
(жаңыланган 10:09 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган.

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага карата тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

30
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү