Кишилер кафеде тамактануу учурунда. Архив

COVID, ысык. Жүрөк дарты барлар кантип тамактанып, машыгышы керек

107
(жаңыланган 12:42 07.07.2021)
Дарыгердин айтымында, ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашык колдонууга болбойт.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев пандемия маалында жана ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлар кандай тамактанышы керектигин брифинг учурунда айтып берди.

Кардиолог жашылча-жемиш көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калганын белгилеп, күнүнө кеминде 400 граммдан ашык жашылча-жемиш жеп туруу зарыл экенин айтты.

"Майлуу, куурулган, оор тамактарды аз жеп, кофенин көлөмүн да кыскартуу керек. Күнүнө 1-2 чөйчөк жетиштүү. Ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашырууга болбойт. Тамактын тузун кемирээк кылып жегенге көнүп, ысыкта муздатылган тамактарды ичкенге аракет кылыш керек", — деди Сарыбаев.

Медик жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандар коронавирустан эки эсе сактанып, санитардык нормаларды кылдаттык менен аткарышы керектигин эскертти. Ошондой эле дем алуу жана дене тарбия машыгууларын жасап туруу зарылдыгына токтолду.

"Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар жөө басып, сууга сүзүп, велосипед тээп машыкса болот. Бирок ошол машыгуу учурунда көңүл бөлчү нерселер бар. Биринчиден, машыгууда пульс нормадан 30 пайызга ашпаш керек. Маселен, машыкканга чейин пульс 80ди көрсөтсө, машыгып жатканда 110дон ашып кетсе дароо токтотуу зарыл. Сатурацияны да карап турган оң. Эгер 91ден ылдый түшүп кетсе, токтотуп дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайм. Үчүнчүдөн, кан басым. Машыгуу учурунда кан басым 170-110дон көтөрүлүп же түшүп кетсе, анда машыгууну коё турган жакшы", — деди Сарыбаев.

Дарыгер кокус жүрөк-кан тамыр оорусу бар адам коронавирус жуктуруп алса, мурда ичип жүргөн дарыларын таштабай иче бериши керектигин кошумчалады.

107
Белгилер:
спорт, тамактануу, коронавирус, кан тамыр, жүрөк, Акбай Сарыбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2851)
Тема боюнча
COVID: кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн
Кыймыл керек. COVID менен ооруп айыккандарга бишкектик дарыгерлер кеңеш берди
Архивное фото водителя, который держит бутылку водки в руках

Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы

1
Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталды. Президент рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырса, ИИМ башчысы кызматкерлер үч смен менен иштерин айткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунда узаган жумада ичип алган айдоочулар андан мурдагы аптага караганда көп аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБ билдирди.

Эске сала кетсек, акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктар  катталган. Президент Садыр Жапаров жума күнү, 23-июлда, ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган. Ошол эле күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков берди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үч смен менен иштөөсүн тапшырган.

Редакция узаган жума жана андан мурдагы аптадагы маалыматтарды салыштырып, мыйзам бузуунун эки түрү көбөйгөнүн аныктады. Кеп бир гана Чүй облусу тууралуу сөз болуп жатат.

Мыйзам бузуулардын жалпы саны — 2 258 (эки жума мурда — 1 733), анын ичинен:

  • 32 айдоочу мас болуп рулга отурган (андан мурдагы жумада — 23);
  • 814 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган (андан мурдагы аптада — 793).
1
Белгилер:
мас, айдоочу, рейд, жол кырсык, ЖКККББ, Чүй облусу
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

9
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

9
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды