Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Уланбек Ниязбеков . Архив
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Министр тергөө учурунда Инанды чек ара аймагынан өтпөгөндүгү боюнча кагаз жүзүндө расмий тастыктамалар алынганын белгиледи.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тышкы коркунуч жана сырттан келген чалгынчылардын иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.
"6-июлда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан чыгарылып кеткени туурасында маалымат тарап, ар кандай ой-пикирлер жаралган. Бул жерде маанилүү нерсени белгилеп кетейин, мыйзамга ылайык, өлкө ичиндеги жалпы коомдук-коопсуздук ички иштер органдарына жүктөлгөн. Эл эми сырттан келген коркунучтарга жана чалгындоо иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт", — деди Ниязбеков.
Ошондой эле ал тергөө учурунда Инанды чек ара аймагынан өтпөгөндүгү боюнча кагаз жүзүндө расмий тастыктамалар алынгандыгын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0