УКМК: Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кеткен

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIЖан сакчы иш учурунда. Архив
Жан сакчы иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Инанды буга чейин УКМКга чакыртылып, аны уурдоо аракети болуп жатканы тууралуу эскертилгенден кийин жан сакчыларын көбөйткөн.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кеткен. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков парламентте билдирди.
Анын айтымында, Инанды буга чейин УКМКга чакыртылып, аны уурдоо аракети болуп жатканы тууралуу эскертилген.
"Ал өзүнүн жан сакчыларын көбөйткөн. Биз тараптан кеп-кеңештер айтылып, жанына үч-төрт жан сакчы алып жүргөн. Ал эми уурдалган күнү жан сакчылары бир жакка суранып кеткен", — деди Мамасадыков.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Жаңылыктар түрмөгү
0