Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев. Архивдик сүрөт

Депутат Нурбаев: Эрдоган биздин жетекчиликти "кидать" этти, ушуну эске алгыла

226
(жаңыланган 16:16 07.07.2021)
Бүгүн депутаттар Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанды теңине албастыгын дүйнөгө жар салды деп сыпаттады.

Эл өкүлү кыргыз бийлиги Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча Түркиянын жетекчилиги менен макулдашып алышы мүмкүн деген божомолун айтты.

"Өкмөттүн өкүлүнө жана башкасына бир нерсе айтып кетким келет. Мүмкүн Эрдоган менен сүйлөшөбүз деп берген болсо, ал биздин жетекчиликти "кидать" этти. Дүйнөгө жар салып бизди уят кылды, эгемендүүлүккө шек келтирди. "Кыргызстан бизге эмне болуп калыптыр" деп дүйнөгө мактанды. Ушуну эске алгыла", — деди Нурбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.

226
Белгилер:
Режеп Тайип Эрдоган, жетекчилик, Орхан Инанды, Абдывахап Нурбаев
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (46)
Тема боюнча
УКМК: Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кеткен
Чек ара кызматы Орхан Инандыны башкалар кантип чыгарып кеткенин билбейт
Биз да Түркиядан бирөөнү уурдайлы. Депутат Инандыны алмашуу жолун сунуштады
Киши жолду өтүп бара жатат. Архив

Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек

12
Милиция элдин аң-сезиминде жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү деген ой калыптанып калганын, бирок жөө жүргөндөр да бир катар эрежелерге көңүл кош карап жатканын айтты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы акыркы алты айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү бар экени маалым болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

"Көпчүлүгүбүздүн аӊ-сезимибизге "жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү, алар жооптуу" деген ой сиӊип калган. Бирок статистикада андай эмес экен", — дешти ОШ ШИИББден.   

Тагыраагы, жарым жылдагы 280 жол кырсыгынын 150сүндө жөө кишилер катышкан жана алар бир катар эрежелерге көңүл бурбай жатканы айтылат. Атап айтканда:  

  • жолдо жүрүүнүн эрежелерин билишпейт же сакташпайт; 
  • атайын жөө жүргөндөр үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт; 
  • жаш балдарын жалгыз жолдун аркы өйүзүндөгү дүкөндөргө жумшашат;   
  • жолдо өтүп бара жатышып кулакчын тагып алышат же телефон кармалашат. Кээде катуу ойлонуп же башка нерсеге алаксышат; 
  • мас болуп жолго чыгып алышат;   
  • тротуар менен эмес, жол бойлоп басышат; 
  • жолдон жүгүрүп же велосипед айдап өтүшөт. 

Ош шаардык милициясы жөө жүргөндөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында атайын рейд уюштуруп жатканы кошумчаланды.  

Маселен, өткөн жумадагы рейдде Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол эрежесин бузгандарга карата 1 288 протокол түзүлгөн. Анын ичинен алты айдоочу мас болуп кармалып, 75 автоунаа айып короого киргизилди. Ошондой эле 34 айдоочунун документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жөө жүргөн кишилерди калаа аймагында атайын белгиси бар жерлерден гана өтүүнү, жол эрежесине так, өздөрүнө сак болууга чакырды.

12
Белгилер:
эреже, жол кырсык, жөө жүрүш, милиция, Ош
Тема боюнча
Министр: автоинспекторлор үч смен менен иштейт
Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды
Медициналык кызматкер COVID-19га анализ учурунда. Архив

Кыргызстанда коронавирусту 973 адам жуктурду. Статистика

19
(жаңыланган 09:26 26.07.2021)
Оору жуктургандар мурдагыдай эле Бишкек шаарында азайбай жатат. Бир суткада 637 кишиден чыкты. Калган аймактарда жүзгө жетпейт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID инфекциясын 1 568 киши жеңип, жаңыдан 973 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ооругандар:

  • Бишкек — 637;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй — 72;
  • Ош — 12;
  • Талас — 18;
  • Нарын — 18
  • Ысык-Көл — 39;
  • Жалал-Абад — 92;
  • Баткен — 62.

Пандемиядан бери 158 120 адамда оору аныкталды.

Ал эми бир сутка ичинде 1 568 адам айыкты. Жалпы сакайгандар 136 700гө жетти.

19
Белгилер:
жуктуруу, айыктыруу, оору, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот