Сапат билим берүү мекемелерин бири. Архив

"Сапат" билим берүү мекемелери мындан ары ишин улантабы? Министрликтин жообу

190
(жаңыланган 16:27 07.07.2021)
Надира Жусупбекованын айтымында, "Сапат" мектептери жабылып калат деп тынчсызданууга негиз жок. Ал мурдагыдай эле ишин уланта бермекчи.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемелери буга чейин кандай негизде иштесе, мындан ары дагы эч өзгөрүүсүз иштей берет. Бул тууралуу парламент жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Министрлик өкүлүнө депутат Абдывахап Нурбаев Инанды жетектеген "Сапат" мектептери мындан ары толук кандуу иштей алабы деген суроо берди.

Заместитель министра образования и науки Надира Джусупбекова на брифинге 15 мая 2020 года
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
"Сапат" мурдагыдай эле иштей берет. Анткени ал Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Биздин мамлекеттин мыйзамдарынын негизинде уюштурулган жана бир дагы норма бузулган эмес. Анда Кыргызстандын жарандары сабак берип, өзүбүздүн балдар окуйт", — деди министрдин орун басары.

Орхан Инандынын жоголушу

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.

Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.

Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.

190
Белгилер:
Надира Жусупбекова, 'Сапат' эл аралык билим берүү мекемеси, мектеп, Орхан Инанды, Жогорку Кеңеш
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (46)
Тема боюнча
Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт
Биз да Түркиядан бирөөнү уурдайлы. Депутат Инандыны алмашуу жолун сунуштады
Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архив

Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби

32
(жаңыланган 19:46 05.08.2021)
Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери үй камагында отурган. Ал эми ага чейин Кой-Таш окуясы боюнча фигурант болгондуктан бир жылга чукул абакта калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Эми ал 5-октябрга чейин аталган жайда кармалат.

"Айыптоочу тарап ал үй камагынын тартибин бузду деп кине такты. Бирок ал саат 22:00дөн кийин эшикке чыкса да тартип коргоо органдарынан жашырынбай жана сотторго басым кылган эмес. Эреже сакталган", — деди жактоочу.

Жээнбеков анын баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүн кечээ социалдык тармактагы баракчасына жазып, абакта чачтарач жок болгондуктан чачын тегиздетип алып барарын айткан.

Саясатчы соттун жогорудагы чечиминен кийин журналисттерге саясий куугунтуктоого кабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 2019-жылы декабрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылган. Сот иштери уланып, 2020-жылы октябрда үй камагына чыгарылган.

32
Белгилер:
Равшан Жээнбеков, тергөө абагы, сот, үй камагы
Тема боюнча
УКМК "Кыргыз көмүр" ишканасынын директорун кармады
Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

136
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

136
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Алтайдагы Катунь дарыясы. Архив

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

11
(жаңыланган 19:49 05.08.2021)
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

11
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Тема боюнча
Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр