Күздө Памир кыргыздарына экспедиция гумжардам жеткирип, элдин санын тактайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПамирдеги кыргыздар бет капчан. Архив
Памирдеги кыргыздар бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Атайын экспедиция менен азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарлар жеткирилип, кандаштар медициналык кароодон өткөрүлөт.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ушул күздө Афганистандын Улуу жана Кичүү Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөргөн.
Анда Памирдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, гумжардам жеткирүү иштерин уюштуруу жана техникалык маселелери талкууланган.
Памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты
Кеңешменин жыйынтыгы менен ушул жылдын күз мезгилинде гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилгени айтылат.
Мында азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарларды гана алып барбастан, Памирдеги кыргыздар медициналык кароодон өткөрүлөт. Ошондой эле экспедициянын программасында медициналык препараттарды да жеткирүү, айыл чарба ишмердүүлүгүн изилдөө, жашаган калктын санын аныктоо камтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0