Лампочка. Архивдик сүрөт

8-июлда Бишкектин айрым жерлери жарыксыз калат. Тизме

55
Электр жарыгы Бишкектин бир катар борбордук көчөлөрүнөн тышкары айрым жаңы конуштарда жана Орто-Сай айылында болбойт.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бейшемби, 8-июль күнү, Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Бригадалар Бишкекте жана жаңы конуштарда трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Саманчин (№ 5 үй) көчөсү, Айтматов проспектиси (№ 303, 325 үйлөр), Гастелло, Панфилов, Горький көчөлөрүнүн жана Ашхабад тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Арча-Бешик, Магистраль көчөлөрү);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Суванбердиев, Бектенов, Юнусалиев көчөлөрүнүн, Бийский, Нежинский тар көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жана 12-кичи район (№ 65/2, 62, 63, 64, 65, 69 үйлөр);
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Орто-Сай айылы (Предгорная, Иманалиев, Балык Кумар, Южная, Лесхоз көчөлөрү);
  • 9:35тен 18:20га чейин — Үсөнбаев, Ибраимов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
55
Белгилер:
Бишкек, электр энергиясы, ремонт, тизме
Тема боюнча
Бишкектин айрым жерлеринде 12 күн газ жок болот. Тизме
Жаңы тариф боюнча электр кубатына канча төлөрүңүздү билип алыңыз. Калькулятор

Кубанарымды же кайгырарымды билбей турам. Акжол менен Мээримдин видео маеги 

51
(жаңыланган 00:32 04.08.2021)
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшчүсү Акжол Мухмудов менен эркин күрөш боюнча балбан, коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-аташеси Кабыл Макешов спортчуларга суроо узатып, жооп алды.  

“Алтын медаль алабыз деп чоң аракеттер болгон. Финалдан утулуп калгандан кийин сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Бүгүн мага ишенип, сыртта туруп көргөндөр болуптур. Бирок ишеничиңерди актай алган жокмун. Анткен менен Айсулуу эже менен Мээримдин жеңишине абдан кубандым. Азыр мени куттуктагандар көп болууда. Бирок бул менин эле эмес, машыктыруучуларымдын, бүткүл кыргыз элимдин жеңиши”, — деди Махмудов.  

Ал эми Мээрим Жуманазарова бүгүн тогуз жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жатканын айтты.  

“Албетте, алтын алуу тилегим бар эле. Бирок колого дагы шүгүрчүлүк. Жеңишимди ата-энеме, агайларыма жана жалпы кыргыз элиме арнайм”, — деди Жуманазарова.  

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов күмүш медалга, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

51
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, видео, кайрылуу
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин

56
(жаңыланган 00:17 04.08.2021)
Ысык-Көлгө ММА боюнча турнирге конок катары келген Нурмагомедов бүгүнкү Олимпиада оюндарын көргөнүн айтып, кыргызстандыктарга ийгилик каалады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эртең Олимпиада оюндарында алтын медаль алышыңарга тилектешмин. Бул тууралуу UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Eagle Fighting Championship (EFC) турниринде сөз сүйлөп жатып билдирди.  

"Бүгүнкү Олимпиада оюндарын көрдүк. Тилекке каршы, утулуп калды (Акжол Махмудов, — ред.). Бирок күмүш менен коло да жакшы. Эми алтын да болот. Эртең алтын алышыңыздарды каалайм, тилектешмин", - деди Нурмагомедов. 

Белгилей кетсек, ушул тапта аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) турнири өтүүдө. Анда Хабиб лиганын түптөөчүсү жана конок катары чакырылган. Эске салсак, Олимпиада оюндарында балбандар Акжол Махмудов күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло тагынды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты, эртең алтын үчүн күрөшөт.

56
Белгилер:
Чолпон-Ата, Хабиб Нурмагомедов, Олимпиада-2020, медаль
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт  
Олимпиада: эки балбандын жеңишинен кийин Кыргызстан 64-орунга чыкты
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт