Дарыгер нымдуу салфетканын негизги кемчилигин атады

© Фото / Пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүФлагманский центр "Моя работа"
Флагманский центр Моя работа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Адис нымдуу салфетканын курамына негизинен терини жумшартуучу каражаттар менен суу гана кирерин, ал эми бактерияларды спирттелген салфеткалар гана өлтүрөрүн айтты.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Нымдуу салфеткалар, өндүрүүчүлөр айткандай, чындап эле микробдор менен бактерияларды өлтүрө алабы? Бул суроого Sputnik радиосунун эфиринде медицина илимдеринин доктору, дерматолог жана трихолог Юлия Галлямова жооп берди. 
Адистин айтымында, алар көчөдө, транспортто жүргөндө өтө ыңгайлуу. Бирок суу менен самынды эч качан алмаштыра албайт.
"Колдогу же дененин башка жериндеги кирди кетирүү үчүн агып турган суу жана самын зарыл. Ошондой эле кир жерди 10 секунддан кем эмес убакыт бою эзип жууш керек. Нымдуу салфетка менен сүргөндөн кийин көзгө таза көрүнгөнү менен тери анчалык тазарбайт", — деди Галлямова.
Ошондой эле адис нымдуу салфетканын курамына негизинен терини жумшартуучу каражаттар менен суу гана кирерин, ал эми бактерияларды спирттелген сатфеткалар гана өлтүрөрүн айтты.
Саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча колду тазалоочу антисептикалык каражаттын 70 пайызы спирттен турушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0