Коронавируска кабылган бейтап. Архивдик сүрөт

COVID боюнча статистика: 1 238 кишиден вирус табылып, 10 бейтап көз жумду

122
(жаңыланган 10:33 08.07.2021)
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медиктин коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын 20сы ордо калаада катталганы маалым болду.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 238 кишиден коронавирус табылып, 757 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 693;
  • Ош – 67;
  • Чүй облусу – 151;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 89.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 135 739га жетип, анын 115 513ү айыкты.

Сакайгандар:

  • Бишкек – 401;
  • Ош шаары – 79;
  • Чүй облусу – 101;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 74;
  • Баткен облусу – 25.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору 10 бейтаптын өмүрүн алган. Анын алтоо Бишкекте, үчөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медиктин коронавирус жуктурганы аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 4 525 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 186 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. 

122
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, статистика, бейтап, оорукана
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1714)
Тема боюнча
Жакында коронавирустун очогуна айланат делген өлкө аталды
Коронавирус каптаган учурда карылар үйү кантти? Мэриянын маалыматы
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

19
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

19
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

60
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

60
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!