ШИИБ: Инанды Түркия жарандыгынан баш тартпай, эки паспорт колдонуп жүргөн

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПоиски пропавшего Орхан Инанды сотрудниками ГУВД Бишкека
Поиски пропавшего Орхан Инанды сотрудниками ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Инанды Кыргызстандын паспортун алгандан кийин да Түркиянын паспортун колдонуп 27 жолу чек арадан өткөнү айтылат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди
Бишкек шаардык милициясы уурдалган Сапат лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаМилициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган.
Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаМуну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат.
Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат.
1/3
Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди
2/3
Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган.
3/3
Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат.
Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган.
"Орхан Инанды Кыргызстандын паспортун алгандан кийин Түркиянын паспортун колдонуп 27 жолу чек арадан өткөн. Тагыраак айтканда, 2014-2018-жылдары Кыргызстандан Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия, Түркия жана Индияга учкан. Ал паспортунун мөөнөтү 2024-жылдын 27-июнуна чейин жарактуу болгон. Ал эми 2018-жылдан кийин кыргыз паспортун 9 жолу колдонуп, Россия, Казакстан жана Индияга учуп турган", — деп айтылат маалыматта.
Обвиняемый в наручниках в зале суда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жапаровдун маалымат катчысы: бийлик Инандыны Түркияга өткөрдү деген шектенүү абсурд
Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат.
"Ошол эле учурда Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөнүн жана Түркиянын жарандыгынан баш тартпаганын белгилей кетүү керек", — деп билидиришти милициядан.
Мындан сырткары, тиешелүү кызматтар тарабынан 2019-жылы Инандынын кыргыз паспортун алышынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, иликтене баштаганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0