Штаб: коронавирусту дарылоо үчүн кошумча 190 орун даярдалууда

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОткрытие дневных стационаров в Оше
Открытие дневных стационаров в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Башка аймактарга салыштырмалуу Бишкекте ооругандар көп болгондуктан, адистер ооруканадагы бош орундарга эки саат сайын мониторинг жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте коронавирус менен ооругандарга орун жетпей баратса, дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орун ачуу пландаштырылган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, башка аймактарга салыштырмалуу Бишкекте ооругандар көп болгондуктан, адистер ооруканадагы бош орундарга эки саат сайын мониторинг жүргүзүп турушат.
"Зарыл болгон учурда дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды даярдоо пландалууда. Аймактарда орун жетиштүү", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдөгү дарыканаларда коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармек жана медициналык каражаттар жетиштүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0