COVID деп шектенсеңиз, чалыңыз! Мэрия Бишкектеги медиктердин номерин жарыялады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүКолл-центрдин медициналык кызматкери. Архив
Колл-центрдин медициналык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Муниципалитет коронавирус менен ооругандардын саны өсүп, шаарда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон турганын белгилейт.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаада үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишеним телефондору иштеп жатканын эскертет.
Муниципалитет коронавирус менен ооругандардын саны өсүп, шаарда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон турганын белгилейт. Бүгүн 693 адамдан COVID-19 аныкталган.
"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы грипп, КРВИ, коронавирустун алдын алуу жана күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Борбор калаада медиктердин 37 мобилдик бригадасы иштеп жатат. Соңку бир суткада 822 дарекке барып, 993 адамдан ПЦР-анализ алды. Мобилдик бригадалар 118 телефон чалуу борборуна түшкөн чакыруунун негизинде барарын белгилейбиз", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле ооруга чалдыккан шаардыктарды Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен кеңеш алып, илдеттен баштапкы стадиясында кутулууга чакырат. Мэрия медиктер ар дайым жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Аны менен катар үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун жетекчилеринин, дарыгерлеринин жана ишеним телефондорунун номерлерин жарыялады.

Октябрь райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери

Ленин райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери

Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери

Свердлов райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0