https://sputnik.kg/20210708/bishkekte-6-bala-bakchadan-koronavirus-chykty-1053145905.html
Бишкекте алты бала бакчадан коронавирус чыгып, карантинге жабылды
Бишкекте алты бала бакчадан коронавирус чыгып, карантинге жабылды
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калгандары кадимки тартипте иштеп жатат. 08.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-08T15:07+0600
2021-07-08T15:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
мэрия
коронавирус
коргонуу
чакыруу
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e5/03/18/1051877055_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_04b21c38ceacf4180dc3e6a33243b529.jpg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор шаардагы алты балдар бакчасынан коронавирус илдетине кабылгандар аныкталып, мекемелер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.Дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калган мектепке чейинки мекемелер кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок алардын баары кезеги менен жабылып, имараттары жаңы окуу жылына даярдалат.Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда.Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда, 1 238 кишиден коронавирус табылса, анын 693ү Бишкек шаарынан аныкталды.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/18/1051877055_136:0:2867:2048_1920x0_80_0_0_012b8f6952d3ccefad9474fcb5283b83.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, мэрия, коронавирус, коргонуу, чакыруу, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, мэрия, коронавирус, коргонуу, чакыруу, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Бишкекте алты бала бакчадан коронавирус чыгып, карантинге жабылды
15:07 08.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Борбор калаада дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калгандары кадимки тартипте иштеп жатат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор шаардагы алты балдар бакчасынан коронавирус илдетине кабылгандар аныкталып, мекемелер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калган мектепке чейинки мекемелер кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок алардын баары кезеги менен жабылып, имараттары жаңы окуу жылына даярдалат.
Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда.
"Баш калаада вирус жуктургандардын саны улам өсүп жатат. Ошондуктан мэрия сизден бул ишке кайдыгер карабай, дайыма бет кап тагынып, антисептик колдонуп, колду таза жууп, имараттарды желдетип турууну өтүнөт. Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Келгиле, өзүбүздүн ден соолугубузга жана жакындарыбызга кылдат көңүл буралы. Өзүңөргө жакшы карагыла!" — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда, 1 238 кишиден коронавирус табылса, анын 693ү Бишкек шаарынан аныкталды.