Ташиев: Акылбек Жапаровдун колу "Кумтөр" боюнча келишимдерде жок болуп чыкты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кумтөргө барган учурда. Архив
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кумтөргө барган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Журналист Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, "ал да суракка чакырылабы?" деп сураган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимдерде экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Маалымат жыйын учурунда журналист Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, "ал да суракка чакырылабы?" деп сурады.
"Автор экенин билбейм, бирок келишимдерде колу жок болуп чыкты. Тергөөдө анын катыштыгы азырынча аныкталган жок. Эгер ал коррупциялык иштерге барган болсо жоопко тартабыз. Керек болсо камайбыз. Эгер күнөөсү болсо Акылбек Жапаровду да аяп отурбайбыз", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал "Кумтөр" иши боюнча баары ээлеген кызматына карабай жоопко тартыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0