Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов

Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда

11218
(жаңыланган 23:04 08.07.2021)
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп, оору жуктургандар көбөйүүдө. Адистер муну вирустун жаңы штаммдары менен да байланыштырып жатат.

Штаммдар кантип пайда болот, алардын былтыркы коронавирустан айырмасы кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов айтып берди.

— Кыргызстандагы коронавирус жуктургандардын көбөйүшүнө жаңы штаммдардын канчалык салымы бар?

— Коронавирус өзгөрүп, штаммдары пайда болуп жатат дегени жаңылык эмес. Эгерде мутацияланбаса жаңылык болмок. Бул табигый эле көрүнүш. 9-класстын биологиясында деле жазылган. Ар кандай жандык башка чөйрөгө киргенде өзгөрөт, жашап кетүү үчүн күрөшүп, ал жакка ыңгайлашууга аракет кылат. Бул вирус башка чөйрөдө, маселен, канаттууларда, башка жандыктарда жашап жүрүп адамдын организмине киргенден кийин өзгөрүп жатат.

Азыр коронавирустун жашоо үчүн күрөшүүдөгү биринчи кадамы, аракети адамды өлтүрбөшү керек, себеби өзү кошо өлөт. Муну аткарып жатат. Өткөн жылдагы статистикаларды карап көрсөк, апрель-май айларында дүйнө жүзү боюнча орточо эсеп менен ооругандардын 7,2 пайызы каза таап жаткан. Учурдагы көрсөткүч 2,1 пайыз. Демек, вирус адамды өлүмгө дуушар кылууну төрт эсе азайтты. Экинчи багыттагы аракети бейтаптарды өтө оор акыбалга кептебегенге аракет кылат. Узаган жылы ооругандардын көбү ооруканага жаткырылган, азыр алда канча аз. Үчүнчүдөн, тез таркаган касиетке ээ болду. Баштапкы вирустарга караганда, азыркы штаммдар организмге киргенден кийин көбүрөөк санда иштелип, сыртка бөлүнүп чыгып жатат. Мурдагы вирустарга караганда 50-70 пайызга бат тараганы ошондон.

— Антитело тууралуу да изилдөөлөрдү сиздер жүргүзүп келесиздер.

— Азыр калктын канча пайызы ооруп, канчасы ооруй электиги маанилүү. Былтыр июнь айына карата жарандардын 31,8 пайызында антитело бар болчу. Быйыл 1-апрелге карата 71,2 пайызы антителого ээ экен. Демек, алар вирус жукса да оорубайт деп айтсак болот. Бирок айрымдар санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоонун кажети жок деши мүмкүн. Кыргызстанда 6 миллион эл болсо, анын 28-30 пайызында, тагыраагы, 1,8 миллион адамда антитело жок. Ушул илимий иликтөөдө антителосу бар эле адамдардын арасынан 50,3 пайызы мен такыр ооруган жокмун, менде коронавирустун эч кандай симптому болгон жок деп жооп беришкен. Ушуну эске алуу менен өлкөбүздө SARS-CoV-2 вирусу жуктурган адамдардын арасынан 900 миң адам оруп калышы мүмкүн деп божомол айтсак болот. Бул деген бизде жалпысынан коронавирус менен ооруду деген 135 миңдей адамдан (расмий статистика) беш-алты эсе көп болуп жатпайбы. Эгерде тиешелүү эрежелерди сактап, вакцина албасак булар да ооруп, ушунун эсебинен жуктургандардын көрсөткүчү өсүшү мүмкүн.

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов

— Кыргызстанда вакцина болгону менен аны алгысы келбегендер көп. Коронавирусту кантип токтотобуз?

— Вакцина — оорудан кутулуунун жалгыз жолу, башка жол жок. Эмдөөдөн өтпөсөк абал курчуй берет. Адамдар өзүнүн жүрүм-туруму менен вирусту жуктурбай койсо болот, бирок кабылса ооруй берет. Маселен бет кап тагынган киши кабылбайт же вирусту азыраак жуктуруп, ооруну жеңил өткөрөт. Бирок илдетке каршы вакцина алуу дүйнө жүзү боюнча эффективдүү жол экендигин көрсөтүп жатат. Кытай, Индия, Америка Кошмо Штаттарында жана башка өлкөлөрдө миллиондогон киши вакцина алып, ал жакта оору кескин азаюуда.

Биз азыр эмдөөдөн өт деп эч кимди үндөп, мажбурлабайбыз. Вакцина оорубай калайын дегендер үчүн. Ооруйм, кереги жок дегендерге эч нерсе дей албайбыз.

— Бир канча убакыттан кийин коронавирус адамдын организмине толугу менен ыңгайлашып, сасык тумоо сыяктуу эле болуп калат дешет. Бул канчалык туура? Биз вакцина алганда деле оорудан толук кутула албайбызбы?

— Вирус эки-үч жылдан кийин кандай болорун эч ким так айта албайт. Вакцина алган киши оорубайт. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, эмдөөдөн өткөндөрдүн 0,006 пайызы илдетке кабылышы мүмкүн. Алар негизинен иммундук системасы начарлап калган адамдар болушу мүмкүн.

— Вирус адамдын организминде эле мутацияланат турбайбы. Британ, Индия штаммы десе ошол жактан келгендей көрөбүз.

— Кайсы гана штамм болбосун адамдын организминде эле пайда болуп жатат, эч жактан келбейт. Штаммдар кантип жаралат? Вирус организмде канчалык көп жашаса ошончо ыңгайлашып, мутацияланат. Улгайган жана өнөкөт оорусу бар организмде вирус көпкө жашап, мутация болушуна шарт түзүлөт. Вирустардын мутация болгондугу тууралуу изилдөөлөр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган ондон ашык лабораторияда жасалат.

Руководитель Республиканского научно-практического центра контроля вирусных инфекций НПО Профилактическая медицина Зуридин Нурматов на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов: вирус организмде канчалык көп жашаса ошончо ыңгайлашып, мутацияланат. Улгайган жана өнөкөт оорусу бар организмде вирус көпкө жашап, мутация болушуна шарт түзүлөт.

— Индияда мутацияланган штаммдар дельта, дельта+ деп аталып жатат. Кыргызстандан ичинде мутацияланган коронавирусту лабораториядан аныктап, биз да аталыш берсек болот экен да?

— Ооба, болот, бирок биздин лабораториялар вирус канчалык деңгээлде жана кайсы жери өзгөргөнүн аныктай албайт. Кыргызстандагы коронавирустарды чоң референс лабораторияларга жөнөтүп тактоо мүмкүн. Анан ал жактагы дүйнөлүк вирустардын базасына кошсо болот.

— Буга чейин Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүрөрүн айткансыздар. Эмнеге мутация өлкө ичинде жүрүп жатса дагы лабораториялык жактан мындай аталыштар берилип калды?

— Вирустарга ат берүү боюнча эл аралык тартип бар. Британиялык вариант дегенибиз бул Британияда пайда болду дегенди билдирбейт. Ошол жерде биринчи жолу аныкталып, изилденген дегенди айтып турат.

— ДССУ коронавирус кайдан чыкканы боюнча так айта элек, бирок адистер ар кандай божомолдорду билдирип келишет. Сиз вирус кайдан пайда болгон деп ойлойсуз?

— ДССУ илим изилдөөчү уюм эмес, негизинен окумуштуулардын айтканына таянат, аларды күнөөлөгөн болбойт. Уюм оору менен күрөшүү тууралуу маалыматтарды, тажрыйбаларды топтоп, ошол багыттагы сунуштарды даярдап таркатат. Вирустун пайда болушу тууралуу айтсам, Кудайдан башка эч ким жаңы жандыкты пайда кыла албайт. Коронавируска гендик изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар ал болжол менен 293 миллион жыл мурда пайда болгон деп келишет. Ошондон бери ар кандай мутациялык өзгөрүүлөргө учурап жер шаарында жашоодо. Жыл сайын ааламда 2500-2800 вирустун өзгөрүлгөн штаммдары пайда болот, анын бир-экөө ооруну чакырууга жөндөмдүү болуп калышы ыктымал. SARS-CoV-2 вирусу деле асмандан түшө калган жок, мутацияга дуушар болуп, табигый жол менен эле жаралган коронавирустун варианты.

11218
Белгилер:
эмдөө, антитело, вирусолог, маек, штамм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2850)
Тема боюнча
Махмадиев: коронавирустан кийинки реабилитация абдан маанилүү
Киши жолду өтүп бара жатат. Архив

Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек