Ташиев: "Кумтөр" боюнча Бакиев, Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Золотоносный рудник Кумтор в Кыргызстане
Золотоносный рудник Кумтор в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
УКМК төрагасы Сооронбай Жээнбековго карата эч нерсе жок экенин айтып, кокус бир нерсе табылса, жоопко тартыларын белгиледи.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда "Кумтөр" кениндеги иш боюнча мурдагы президенттердин арасынан кимдер жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
"Тергөөнүн негизинде мурунку президент Курманбек Бакиевге иш козголду. Алмазбек Атамбаевге азыр иш козголуп жатат. Ал эми Аскар Акаевге издөө жарыяланды", — деди Ташиев.
Журналисттердин Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроосуна "азырынча Жээнбековго эч нерсе жок" деп жооп берди.
"Эгерде Сооронбай Жээнбековго бир нерсе табыла турган болсо, аны да жоопко тартабыз. Бирок азырынча ага карата эч нерсе жок", — деди Ташиев.
Буга чейин Ташиев "Кумтөр" кени боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттер камалышы мүмкүн экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0