Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовИскоренение коррупции в КР
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
УКМК төрагасы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан баштап сот органында иштеген бир нече кызматкер жоопко тартылганын эске салды.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөдө коррупция боюнча кырдаал өзгөрүп, бир да судья пара албай калды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ишенимдүү түрдө билдирди.
Ал Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан сот тармагы боюнча чоң иштер жасалганын белгиледи.
"Коомчулукта коррупция боюнча кырдаал өзгөрдү. Буга чейин сот органдарында бардык чечимдерди кабыл алууда пара берип келишкен. Азыр судьяларга барып пара берип көргүлөчү, бири дагы ала албайт. Мен ишенимдүү түрдө айта алам, учурда өлкөдө бир дагы судья пара албай калды. Мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарышат. Эгер дагы пара алып баштаган болсо кайрадан жоопко тартабыз", — деди Ташиев.
Ошону менен бирге ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан баштап сот органында иштеген бир нече кызматкер жоопко тартылганын эске салып, ошондон кийин абал өзгөргөнүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0