Бет капчан киши көчөдө бара жатат. Архив

Окумуштуулар COVID-19дун эркектерди өлүмгө тартуучу жагдайларын аныкташты

287
(жаңыланган 20:39 08.07.2021)
Илимпоздор коронавируска чалдыккан 286 бейтап менен ден соолугу чың 305 кишинин абалын салыштырган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Организминде тестостерондун деңгээли төмөн болгон эркек киши COVID-19ду оор кабыл алат, көп учурда аягы өлүм менен бүтөт. Бул тууралуу маалыматты италиялык окумуштуулардын билдирүүсүнө таянып, "Известия" жазды.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, ал киши жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, ооруканада көп жатары анык болду.

"Биз ден соолугу чың эркектерге салыштырмалуу тестостерондун деңгээли өтө төмөн, коронавирус жугузган бейтаптар көп болот деп күткөн эмеспиз. Бул эмнеге байланыштуу экени белгилүү: тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, анын абалы ошончолук оорлоп, өлүм кооптуулугу жогорулайт. Мен 25 жылдык иш тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин", — деген Сан-Раффаэл ооруканасынын урология жана эндокринология боюнча адиси, профессор Андреа Солония.

Илимпоздор COVID-19 жуктуруп тез жардам менен барган 286 эркек бейтап менен 2020-жылдын февраль-май айларында кан тапшырган ден соолугу чың 305 ыктыярчыны салыштыргандан соң ушундай тыянакка келишти.

287
Белгилер:
коронавирус, Кишинёв, өлүм, дарыгер
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1489)
Тема боюнча
Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда
Окумуштуулар 4 ай ичинде COVID 22 жолу мутация болорун божомолдоодо
Кайгуул милициянын унаасы. Архивдик сүрөт

Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы

19
(жаңыланган 10:54 26.07.2021)
Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталды. Президент рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырса, ИИМ башчысы кызматкерлер үч смен менен иштээрин айткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунда узаган жумада ичип алган айдоочулар андан мурдагы аптага караганда көп аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБ билдирди.

Эске сала кетсек, акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталган. Президент Садыр Жапаров жума күнү, 23-июлда, ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган. Ошол эле күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине үч смен менен иштөөгө тапшырма берген.

Редакция узаган жума жана андан мурдагы аптадагы маалыматтарды салыштырып, мыйзам бузуунун эки түрү көбөйгөнүн аныктады. Кеп бир гана Чүй облусу тууралуу сөз болуп жатат.

Мыйзам бузуулардын жалпы саны — 2 258 (эки жума мурда — 1 733), анын ичинен:

  • 32 айдоочу мас болуп рулга отурган (андан мурдагы жумада — 23);
  • 814 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган (андан мурдагы аптада — 793).
19
Белгилер:
мас, айдоочу, рейд, жол кырсык, ЖКККББ, Чүй облусу
Тема боюнча
Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды
Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео
Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Таш-талканы чыккан унаанын сүрөтү
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

16
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

16
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1489)
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды