Ысыкта көчөдө бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Дарыгер ысыкта өнөкөт оорулар күч аларын айтты

98
Адистин айтымында, аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын 50 пайызын, бронхити барлардын 10-12 пайызын, астмасы барлардын 30 пайызын эски дарты кыйнайт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч алат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаарынын Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников билдирди.

Дарыгердин айтымында, аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын 50 пайызын, бронхити барлардын 10-12 пайызын, астмасы барлардын 30 пайызын эски дарты кыйнайт.

"Негизи эле кышка караганда жайында ооруп калуу коркунучу көбүрөөк. Ысып турган организмге суук бат тийип, иммунитет тез төмөндөйт. Мындай учурда өнөкөт оорулар гана козголбостон, вирус менен бактериялар бат жугат. Негизи ысыктын өзү организмге чоң стресс алып келгендиктен, жайкысын ооруп калуу өтө оңой", — деди Тяжельников.

Кыргызстанда өтүп бараткан апта адаттан тыш ысык болду. Буга чейин Кыргызгидромет 10-июлга чейин абанын температурасы 36дан 41 градуска чейин жетип, андан кийин ысык бир аз мизин кайтарарын божомолдогон.

98
Белгилер:
ден соолук, өнөкөт оору, ысык, жай, аба ырайы
Тема боюнча
Саякатка чыкканда кайсы дары-дармекти ала жүрүү керек. Тизме
Барселонадагы көчөлөрдүн биринде илинип турган сүрөт. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар: COVID менен ооруган адамдардын интеллект деңгээли төмөндөйт

7
(жаңыланган 11:46 26.07.2021)
Улуу Британиялык окумуштуулар COVID-19га чалдыккан адамдын акылы кайтарылгыс деңгээлде төмөндөй турганын тастыкташты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Лондондогу Империялык колледждин жана Кембридж университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптардын интеллект деңгээли олуттуу төмөндөгөнүн аныкташкан. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга таянып Sputnik Казакстан жазды.

Алар 81 337 кишини катыштырып тажрыйба жүргүзүшкөн. Анын 12 689у COVID-19дун ар кандай формасы менен ооруган. Аң-сезимдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аспектилерин өлчөө максатында тесттик тапшырма даярдалган. Натыйжада ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү, анын ичинде жеңил түрү менен сыркоологондор да вирус жукпагандарга караганда тапшырмаларды аткарууда кыйналышкан. Айрыкча, аргументтерди жана пландоо көндүмдөрүн талап кылган маселелерди чече алышкан эмес.

Мындан тышкары, узакка созулган COVID-19дун симптомдору катары "мээдеги башаламандык", ойду бир жерге топтой албагандык аталды.

Психиканын бузулушунун олуттуулугу бир жагынан оорунун күчтүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылышы керек болгон бейтаптарда эң чоң кыйынчылыктар аныкталган. Тагыраагы, алардын аң-сезиминин деңгээли жети пунктуга төмөндөгөн. Мындай көрүнүш инсультка кабылып, бир нерсени үйрөнүүгө жөндөмү жок болуп калгандарда да байкалган эмес.

Ошондой эле окумуштуулар таанып-билүү жөндөмүнүн төмөндөшү менен вирус жуккандан бери өткөн убакыттын ортосундагы байланыштын бар-жогун текшеришкен. Натыйжада эч кандай байланыш байкалбай, COVID-19 орду толгус кесепеттерге алып келет деген бүтүмгө келишкен.

Буга чейин Берлиндеги Charite университетинин клиникасынын биологдору SARS-CoV-2 адамдын мээсине жыт сезүүчү былжыр челиндеги нерв клеткалары аркылуу кирерин аныкташкан. Бул адамдагы баш оору, чарчоо жана "мээдеги башаламандык" сезими сыяктуу неврологиялык көйгөйлөргө алып келет.

7
Белгилер:
окумуштуулар, интеллект, илдет, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек
Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

19
(жаңыланган 11:30 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

19
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт

ИИМ Атамбаев октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатканын тастыктады

0
(жаңыланган 11:50 26.07.2021)
Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатат деген маалыматты тастыктайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

24-июль күнү Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын аталган кылмышка шектелип жатканын кабарлаган эле.

Маалымат кызматынан билдиргендей, 2020-жылдын 9-октябрында борбордук "Ала-Тоо" аянтында ар кайсы саясий партиялардын тарапташтары чогулган. Алардын лидерлери талаптарды коюп, башка партиянын тарапташтарын укук талаасына кайтууга чакырышкан.

"Тараптар ортосунда пикир келишпестик жаралып, курал колдонууга чейин жеткен массалык башаламандык башталган. Ошол эле күнү КРдин Жазык кодексинин 264-беренесине ("Массалык башаламандык уюштуруу") ылайык кылмыш иши козголгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Эскерте кетсек, Атамбаев Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга кесилген. Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген. Январдын башында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чечимин карап, аны өзгөрткөн эмес (камакта калтыруу).

Атамбаев башка кылмыш иштери боюнча дагы айыпталып жатат, сот иштин баарын бир өндүрүшкө бириктирүү чечимин чыгарган.

0
Белгилер:
кылмыш иши, ИИМ, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы