Элчилик: Москвада дем алыш сайын балдар үчүн маданий иш-чара өткөрүлөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБалдар көргөзмөдө. Архив
Балдар көргөзмөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 11-31-июль күндөрү уюштурулат. Ага он төрт жашка чейинки балдар катышат.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Москвада ар дем алыш сайын мигранттардын балдары үчүн маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен  кабарлашты.
Дипломатиялык корпус иш-чараны өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 11-31-июль күндөрү уюштуруп жатканын айтты.
"Анын максаты — гуманисттик идеяларды жана баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаштардын маданий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу", — деп айтылат маалыматта.
Ага 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышса болот. Ата-энелер +7(977)597-37-03 номери аркылуу каттата алышат.
Иш-чаранын Москва шаарындагы Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги элчиликте өтөрүн кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0