Невроз, энурез, аутизмге жардам берет. Биоакустикалык коррекциянын күнгөй-тескейи

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЛечение опухолей на обновленном гамма-ноже в НИИ имени Склифосовского
Лечение опухолей на обновленном гамма-ноже в НИИ имени Склифосовского - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Биоакустикалык коррекция — бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекциянын кесепетин жоюу үчүн колдонулат.
Биоакустикалык ыкма менен мээни коррекциялоонун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун балдар бөлүмүнүн башчысы Жаркын Колубаева маек берди.
Мээнин биоакустикалык коррекция ыкмасы Кыргызстанда жеке клиникаларда гана жасалат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаркын Колубаева: Биоакустикалык коррекция бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат
Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаркын Колубаева: Биоакустикалык коррекция бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат
— Биоакустикалык коррекция (БАК) деген эмне?
— Бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат. Ошондой эле невротикалык жана психосоматикалык дарттарды дарылоодо да натыйжа берет. 
— Бул терапия кимдер тарабынан изилденип чыккан?
— БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган. Аталган ыкма клиникалык сыноолордон өтүп, Москва жана Санкт-Петербург шаарынын бир катар алдыңкы медициналык мекемелеринде колдонулат.
Биоакустикалык коррекция методу Россиянын Медицина илимдер академиясынын Эксперименталдык медицина институтунун физиология бөлүмүнүн нейрофизиологдору тарабынан иштелип чыккан. Бизде жаңыдан пайда болууда.
— Мээге сигнал берүү менен функционалдык бузулууларды калыбына келтирсе болот экен. Кайсы курактагы бейтаптар кайрыла алат жана кандай оорулар кабыл алынат?
Медицина илимдеринин доктору, доцент, дерматовенеролог Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги
— Жаш куракка чектөө жок. Аталган терапия жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта улуу курактагыларга чейин сунушталат. Эч кандай зыяны жок. Мээ денебиздеги бардык процесстерди башкарып турат. Андыктан анын иштешинин бузулушу башка органдардан байкалышы мүмкүн. Мээнин ишинде кандайдыр бир бузулуу болгондо электроэнцефалограмма (ЭЭГ) нормадан четтеп кетет. Биоакустикалык ыкма мына ушул илдетти дарылоо үчүн добуштарды колдонот. Сөздүн түз маанисинде айтканда, БАК адамга мээсинин музыкасын угууга мүмкүнчүлүк берет. Механизм биокайтарым принцибине негизделген. БАК аркылуу мээ өзү ишин жөндөй баштайт да, андагы процесстер иретке салынып, калыбына келет. Ыкманын өзөгү электроэнцефалограмманын синхрондуу үнгө айлануусуна негизделип, ал бейтапка мээнин электрдик активдүүлүгүн музыка сыяктуу сигнал түрүндө кабыл алууга мүмкүндүк берет. 
— Демек, кулакчын таккандан кийин адам кандайдыр бир үндөрдү уга алат экен да?
— Ооба, өзүнүн мээсинин иштеген үнүн угат. 
© Фото / предоставлено Жаркын КолубаевойЖаркын Колубаева: БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган
Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаркын Колубаева: БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган
— Ар бир ооруга да программа иштелип чыгыптыр. Аны жөнөкөй тил менен кантип түшүндүрсөк болот?
— Программа компьютерге жүктөлгөн. Бул ыкмага келгенге чейин невропатологдон консультация алып, электроэнцефалограммадан өтүп келиши керек. Анын жыйынтыгы менен рекомендация беребиз. Ар бир ооруга добуштун катуулугу, канча мүнөт жана кандай жыштыкта отуруу керектигин аныктап, ошого жараша БАКка программа киргизебиз. Ушуну менен дарылоо жүрүп баштайт. Башкача айтканда, ар бир бейтапка жекече дарылоо даярдалат.
— Бул ыкманын жакшы жагы катары эмнени белгилейт элеңиз?
— Эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору. Анан да көп нерсени өзүнө камтыган. Нейротерапия жана музыка терапия жасалат. Дарылоо учурунда электроэнцефалограмма тартылып турат да, дарыгер онлайн режимде карап отурат. Мээнин иштешин, ага БАК кандай таасир берип жатканын көрүп турса болот.
— Кайсы ооруларды дарылай албайт?
— Курч мүнөздөгү инфарктка, инсультка, инфекциялык жана өрчүп кеткен депрессиялык ооруларга жардам бере албайт. Анан эпилепсияда эпилептолог менен неврологдун кеңеши менен гана кабыл алынат. Анткени кооптуулугу бар. Ошондуктан өтө абайлап, сак болуу керек.
— Микрополяризация, томатис деген да дарылоо ыкмалары бар. Булар деле кандайдыр бир аппараттардын жардамы менен дарылайт экен. БАК менен бул процедуралардын айырмачылыгы барбы же максаты бирдейби?
— Бул ыкмаларды чогуу жасоого да болот. БАКта үн менен дарыласа, транскраниалдык микрополяризацияда үн угулбайт, электроддор менен мээге таасир тийгизет.
— Энцефалограмманы пайдаланып жаткан мезгилде адам баласынын баш мээсинен бөлүнүп чыгып жаткан импульс адамдын ички органдарына жана башка ооруларына кандай таасир этет?
— ЭЭГ добушу менен дарылап жатканда ички органдар жабыркабайт. Бул мээнин иштешин жакшыртат. Мээ аркылуу бардык органдар жөнгө салынат. Аталган терапия менен бардык организмге жардам бере алабыз. Бүт ооруларга нерв таасир этет. Бизге келерде бейтап сөзсүз түрдө невропатологго барып, кеңеш алып келиши керек. 
© Фото / предоставлено Жаркын КолубаевойЖаркын Колубаева: бул ыкманын эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору
Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаркын Колубаева: бул ыкманын эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору
— Процедура канчага созулат?
— Негизи ар бир бейтап 10-15 жолу процедура алышы керек. Айрымдар дароо эле жыйынтык жок деп башташат. Канча жылдан бери чогулган ооруну дароо эле жок кылууга болбойт. Процедуранын башында оору бир аз козголушу мүмкүн. Андан кийин гана жакшы жактарын көрсөтүп баштайт. Бирок адамдардын баары тең эле тегиз айыгып кетпейт. Себеби ар бир организм ар кандай. Процедуранын узактыгы ар бир ооруга 25 мүнөт. Бирок балдардыкын он мүнөттөн же 15 мүнөттөн кылып, байкап көрүп анан баштайбыз. Аппаратта атайын адис отурат. Буга министрликтен лицензия алынган. Кыргызстанда лицензиясы жок деле БАКтын аппараттарын колдонгондорду угуп жатабыз. Ошол эле учурда лицензиясы бар көп дарылоо жайлары ачылып жатат. Бир чети бул да жакшы, анткени мурда бейтаптар БАК менен дарылануу үчүн Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга барууга аргасыз болчу.
— Бул ыкма кайсы ооруларга жакшы натыйжа берүүдө?
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
— Аталган ыкма балдар арасында гиперактивдүүлүк синдрому, сүйлөөнүн кечеңдеши, аутизм, невроз, энурез (төшөккө заара ушатып коюу) жана уйкунун бузулушу сыяктуу ооруларды айыктырат. Ашыкча дүрбөлөңгө түшүүгө, депрессияга жана инсульттан кийин калыбына келүүгө да жардам берет. Учурда коронавирустан улам ооруп калдымбы деп дүрбөлөңгө түшүп, анын натыйжасында каза болуп калгандар да болууда. Бул ыкма реабилитацияга пайдасы көбүрөөк. Бизден процедура алып жаткан учурда комплекстүү дарылануу керек. Мисалы, тилинин чыгышы кечеңдеген балдарга логопед жана кошумча неврологдун да жардамы зарыл. Ошондо натыйжа берет. Процедураларды 15 күн алып эле жок болуп кетпей, алты айдан кийин кайра кайталап коюу зарыл.
— Айрым адамдар БАК аппаратын өз алдынча колдонуп көрүүгө бел байлашы мүмкүн. Туура эмес колдонуунун кесепети кандай?
— Мен бул терапия боюнча профессор, академиктерден онлайн окуп, билим алдым. Ыкманы терең үйрөнүп, өздөштүргөндөн кийин гана сертификат жөнөтүлдү. Бул терапияны өзүм билемдик менен эле колдонууга болбойт. Анткени туура эмес жагына да кетип калышы мүмкүн. Атайын сертификаты бар врачтын жардамы менен гана колдонууга болот.
— Терапиядан соң кандай өзгөрүүлөрдү байкайсыздар?
Улуттук кардиология жана гипертония борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдырашит Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Коңуруктун эки түрү бар, бири адамды инфаркт же инсультка кептейт. Адистин маеги
— Жаңы келгенде ата-эне баласынын абалы тууралуу күндөлүк толтурат. Биз да жазабыз. Андан кийин өзгөрүүлөр тууралуу жазып башташат. Процедуралар алгач борбордук нерв системасына таасир этет. Бир ооруну дарылоо менен башка бир органдарга да таасир берсе болот. Мисалы, энурез оорусунда мээ аркылуу табарсыкка таасир тийгизип жатабыз. Көбүнчө үйүндө ызы-чуу көп болгон, коркуп калган балдар энурезге кабылат. Биз көбүнчө сүйлөөсү артта калган балдарга жардам беребиз. Кээ бирде жакшы жаза албаган, кол жазмасы начар балдар келет. Терапиянын жыйынтыгында ушул балдардын кол жазмасы, сүйлөөсү кадимкидей оңолуп кетет. Бала бакчага барарда да стресс болгон бөбөктөрдө өзгөрүүлөр байкалат. Мында да ата-энелер кайрылса болот.
Россияда, Казакстанда балдар окууга экзамен тапшырарда да БАК терапиясынан өтөт экен. Натыйжасы абдан жакшы дешет. Анткени мээни биоакустикалык коррекциялоо — коркуу сезимин азайтып, жан-дүйнөнү тынчтандырып коёт.
Жаңылыктар түрмөгү
0