Ташиевдин тууганы үчүн УКМК "Кыргыз телекомду" коркутуп жатабы? Комитеттин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке. Архивное фото
Здание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Буга чейин ЖМКларда күч түзүмүнүн жетекчисинин тууганын иштен бошотуп жибергенден кийин мамлекеттик компаниянын директорлор кеңешине басым жасалып жатат деген маалымат тараган.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар "Кыргыз телеком" ишканасынын директорлор кеңешине коркутуу, кысым көрсөтүп жатат деген маалыматты четке какты.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тууганын бошотуп жибергени үчүн күч түзүмдөрү аталган компаниянын ишине кийлигишип, басым кылып жатат деген маалыматтар тараган.
"УКМК "Кыргыз телеком" ишканасынын директорлор кеңешинин ишине коркутуу, кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук органдары "Кыргыз телекомдун" ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок", — деп жооп берген аталган ведомство.
Коопсуздук комитети ведомствону жана анык жетекчисинин атын жамынгандарга катуу чаралар көрүлөт деген билдирүү тараткан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Абайлагыла! Ташиев бийликти сындагандарга эскертүү берген видео
"УКМК жана анын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин атым жамынып жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго мыйзамдын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет", — деп айтылган маалыматта.
Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен эгерде алардын кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүү жана башка кадамдар жасалса аталган ведомствого түз чалууну айтышкан.
УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуу керектигин белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0