Бишкекте бир катар кафе, ресторандарга айып пул салынды. Тизме

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВ Москве продлили запрет на ночную работу баров и ресторанов
В Москве продлили запрет на ночную работу баров и ресторанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Бардык жеке жактарга 3000 сомдон айып салынса, юридикалык жактар 13 миң сомдон төлөмөй болушкан.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ордо калаада бир нече кафе, ресторан, дүкөндөрдүн администрациялары санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Шаардык санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери күндүз дүкөн, соода борборлорду, ал эми кечкисин жана түндө кафе-ресторандарды кыдырып текшерүүдө.
Айыпка жыгылган объектилер:
  • "Империя пиццы";
  • Beef Burgers;
  • "Савор";
  • "Каганат";
  • "Центр плова";
  • "Киана";
  • "Буржуй";
  • Pascal;
  • "Граф";
  • Fresh box ("Вефа" соода борбору);
  • "Хан Теңири";
  • "Белек";
  • "Палаццо";
  • "Кебаб хаус";
  • "Этилер";
  • "Ак-Бата";
  • "Даамдуу";
  • "Народный" гипермаркети;
  • "Вефа" соода борборунда жана Жал-23 кичи районундагы Rody Mood дүкөнү;
  • Dota компьютердик клубу.
Бардык жеке жактарга 3000 сомдон айып салынса, юридикалык жактар 13 миң сомдон төлөмөй болушту.
Жаңылыктар түрмөгү
0