Ысыкта ден соолукка зыян деген үч кооптуу азык аталды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүЦентральный колхозный рынок в Краснодаре
Центральный колхозный рынок в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Эксперт балык сатып алар алдында аны жыттап, даамдап көрүүнү сунуштаган. Маселен, эскирип калган балык кычкыл, ачуу даамданат.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Тамак-аш технологиясынын сапаты боюнча эксперт жана шеф-повар Евгений Данко ысыкта ден соолукка зыян деген үч кооптуу азыкты атады. Адистин пикири РИА Новостиге жарыяланды.
Эксперттин айтымында, эски балык, паштет жана тоок этин (тооктун саны, канаты жана гриль) ысыкта өтө этияттап жеш керек.
"Тооктун эти ичинен бузулат. Эгер сиз паштетти абдан жакшы көрсөңүз жана ысыкта жегиңиз келип жатса, анда аны үйдөн өзүңүз жасап жегениңиз оң", — деген адис.
Данко балык алардын алдында аны жыттап, даамдап көрүүнү сунуштаган. Маселен, эскирип калган балык кычкыл, ачуу даамданат.
Жаңылыктар түрмөгү
0