Өткөн суткада 1 295 бейтаптан коронавирус табылды

© REUTERS / Stringer/File PhotoСитуация в Афганистане из-за ситуации с коронавирусом
Ситуация в Афганистане из-за ситуации с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Өткөн суткада 45 медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 18 ак халатчан ооруканадан айыгып чыккан.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кечээтен бери 1 295 бейтаптан коронавирус табылып, 892 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ооруну жуктургандардын саны боюнча Бишкек калаасы биринчи орунга чыкты.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 788;
  • Ош шаары – 51;
  • Чүй облусу – 160;
  • Ош облусу – 38;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 26;
  • Ысык-Көл облусу – 46;
  • Жалал-Абад облусу – 64;
  • Баткен облусу – 103.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 138 353кө жетти. Анын ичинен 117 250 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 423;
  • Ош шаары – 48;
  • Чүй облусу – 131;
  • Ош облусу – 86;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 107;
  • Баткен облусу – 52.
Өткөн суткада 45 медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 18 ак халатчан ооруканадан айыгып чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0