Артында уулу калды. Чек арада тажик тараптын огунан курман болгон аскер жерге берилди

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПохороны пограничника сержанта Хуснидина Хожиева в селе Бешкент
Похороны пограничника сержанта Хуснидина Хожиева в селе Бешкент  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Жоокер мындан эки күн мурда, 8-июлда, тажикстандык чек арачылардын огунан каза таап, сөөгүн кечээ Кыргызстанга алып келишкен.
ОШ,10-июл. – Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Чек ара кызматынын жоокери,  сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда, жерге берилди. Маалыматты Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Азатбек Курбанбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Чек ара кызматынын жоокери,  сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда, жерге берилди.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Чек ара кызматынын жоокери,  сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда, жерге берилди.  - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Чек ара кызматынын жоокери,  сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда, жерге берилди.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваХожиевди өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында акыркы сапарга узатышты.
Хожиевди өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында акыркы сапарга узатышты.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Хожиевди өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында акыркы сапарга узатышты.
1/2
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Чек ара кызматынын жоокери,  сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда, жерге берилди.
2/2
Хожиевди өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында акыркы сапарга узатышты.
Хожиевди өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында акыркы сапарга узатышты. Маркумду акыркы сапарга узатууга Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаев баштаган топ жана аскер кызматкерлери, жакындары катышты.
Пограничник на посту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Баткендеги чек арадан тажик тарап кармап кеткен кыргызстандык жоокер бошотулду
Эске сала кетсек, 8-июлда саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.
9-июль күнү саат 22.30да жоокердин табыты Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.
Маркум үй-бүлөлүү болгон. Артында жубайы жана бир уулу калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0