Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду.

Көздү кубантат. Бишкекте пайда болгон өзгөчө клумбалардын сүрөтү

78
(жаңыланган 14:19 10.07.2021)
"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери борбор калаага бир жылдык гүлдөрдү отургузуп бүттү.  Анда гүлдөрдүн сальвия, петуния, георгина, тагетес, агератум, цинерария, циния жана башка түрлөрү тигилген.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлап, сүрөттөрүн жарыялады.

  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузуп бүткөнүн кабарлашты.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    Анда гүлдөрдүн сальвия, петуния, георгина, тагетес, агератум, цинерария, циния жана башка түрлөрү тигилген.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    Клумбалардын эскиздерин ишкананын дизайнерлери түзгөн.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    Аларды сугаруу үчүн суу Бишкек бетон заводунан алынып турат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия (МП) Бишкекзеленхоз полностью завершили посадку однолетних цветов в Бишкеке
    Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 6
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду.

"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузуп бүткөнүн кабарлашты.  Анда гүлдөрдүн сальвия, петуния, георгина, тагетес, агератум, цинерария, циния жана башка түрлөрү тигилген.

Клумбалардын эскиздерин ишкананын дизайнерлери түзгөн. Аларды сугаруу үчүн суу Бишкек бетон заводунан алынып турат. 

78
Белгилер:
сүрөт, клумба, дизайн, гүл, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги 6-кичи райондо жаңы сквер ачылды. Сүрөт

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

145
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

145
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

205
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

205
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду