Милиция: Ниязов менен Атамбаев түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берген

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Бишкек ШИИББ 2016-жылы паспортторду мыйзамсыз берүү фактысы боюнча "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп жатканын айтты.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Беш жыл мурда Фарид Ниязов төрагалык кылган Жарандык маселелер боюнча комиссия түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүүнү чечип, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбев кол койгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта аталган комиссия президентке караштуу экени айтылды.
Учурда шаардык милициянын Тергөө кызматы 2016-жылы паспортторду мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
"Тергөөнүн жүрүшүндө мындан беш жыл мурда Фарид Ниязов төрагалык кылган президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия Түркиянын 10 кишисине жарандык берүү тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарганы аныкталды. Ошол эле жылы өлкө башчы болуп турган Алмазбек Атамбаев жарлыкка кол коюп, түркиялыктарга паспорт берилген", — деп айтылат маалыматта.
Президент МОУ “Сапат” Орхан Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Ташиев: Инанды кырдаал өзгөрүп кетсе, кетип калам деп жүргөн жарандардан болгон
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталууда.
Эске салсак, учурда кыргыз коомчулугунун ар кыл реакциясын жаратып, тарапташтары митингге чыгып жаткан окуянын себепкери "Сапат" лицейлеринин жетекчиси Орхан Инанды да жарандыкты мурдагы президенттин бийлиги учурунда алган. Тагыраагы, 2012-жылдын 4-декабрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгы берилгени кабарланган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0