Жүрөк оорулуу да болуп калдым. Жигитинин коркутканынан тажаган кыздын каты

© AFP / CESAR MANSOПлотина Узкиза в Испании
Плотина Узкиза в Испании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. “Психолог менен баарлашуу” рубрикасына үйлөнүүнү сунуштаган жигиттин коркутууларынан жүрөгү калган кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы, менде акыркы кезде тынчтык бербеген бир көйгөй болууда. Ушул тапта жакындарымдын коопсуздугунан абдан коркуп турам. Өзүм 28 жаштамын. Шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Бир жыл мурда бир жигит менен таанышып, мамилебиз жакшырып, ал тургай баш кошо турган да болгонбуз. Бирок барган сайын ал адамдын сырлары ачылып, кыялы чыгып, бет кабы сыйрыла баштады.
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты
Ошол окуядан кийин ага турмушка чыкпасымды ачык айтып, тынчымды албоосун сурангам. Эми менден бир жагымсыз “сюрприз” күтө бер деп жазып жатат. Ар нерсени айтып, опузалайт. Ишенбейин десем, чын эле эч нерседен кайра тартчудай эмес. Буга турмушка чыксам мени бир нерсе кылып коюшу толук мүмкүн.
Бир туугандары менен деле катышпайт экен. Ата-энесиникине анда-санда эле барбаса эч ким менен мамилеси жок. Агаларына билдирейин десем, алар кайра буга айтып салсачы деп корком. Эмне кылышымды билбей, жүрөкзаадамын. Психологдун кеңешин уккум келет. Кандай мамиле кылып, кутулсам болот. 
Психолог Айгүл Ысыкеева:
— Бул кат — жакында эле болгон Айзаданын окуясына абдан окшош экен. Жигиттин кызганганынан анын өзүн-өзү баалоосу жана ишеними өтө төмөн экендигин байкоого болот. Башка эркектердин андан өйдө экендигин көргөн кыз таштап кетет деген коркунуч менен жашайт. Ошол себептен бөлөк кишилерди жолоткусу келбейт.
Аялдар көчөдө сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой... Ызаланган келиндин каты
Ар кандай коркутуулары — шантаж, манипуляция жана агрессия болуп эсептелинет. Болгону ушундай жол менен кызды өзүнө баш ийдиргиси келип жатат. Бул кыз чындап эле ушундай адам менен өмүр бою коркунучта жашагысы келеби? Ушул жагын ойлонушу керек. Үй-бүлөнүн пайдубалы зулумдук, коркутуу менен эмес, сүйүүдөн курулушу зарыл. Жигиттин “күч менен зордоп эле үй-бүлө куруп алса болот” деген туура эмес түшүнүгү бар.
Мындай адамдан артты карабай качуу абзел. Эгерде коркутуулары дагы да күчөсө милицияга, жакындарына билдирип, ачыктаса туура болмок. Себеби андайлар ачыктыктан коркот. Негизи булар психикалык жактан  көп жабыркаган адамдар. Мындай кишилер психологго да көп барышпайт. Барса да психологиясын оңдогонго көп убакыт керек. Эгер каалоосу болсо гана оңолуусу мүмкүн
Бул жигит менен бактылуу болуу мүмкүн эмес. Анткени өзү да бактысыз. Кыз да мындай адамды кантип жакындатып алгандыгы жөнүндө ойлонушу зарыл. Мүмкүн ишенчээк же өтө жумшак мүнөзүнүн кесепетиби? Баарын жакшылап таразалап, ойлонуп чыгууга туура келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0