COVID: 1 295 кишиге вирус жугуп, тогуз бейтап каза тапты

© AFP / PHILIP FONGМедициналык кызматкер COVID-19га алынган үлгү менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га алынган үлгү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 139 648ге жетти. Анын ичинен 118 008 адам дартты жеңген.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кечээтен бери 1 295 бейтаптан коронавирус табылып, 758 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ооруну жуктургандардын саны боюнча Бишкек калаасы мурдагыдай эле биринчи орунда.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 761;
  • Ош шаары – 46;
  • Чүй облусу – 139;
  • Ош облусу – 41;
  • Талас обулу – 19;
  • Нарын облусу – 32;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 98;
  • Баткен облусу – 114.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 139 648ге жетти. Анын ичинен 118 008 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 420;
  • Ош шаары – 84;
  • Чүй облусу – 95;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 79;
  • Баткен облусу – 22.
Акыркы 24 саат ичинде вирустан тогуз адам көз жумду. Анын сегизи Бишкек шаарында, бири Ош шаарында дарыланып жаткан эле. Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун саны жалпысынан 2 102ге жетти.
Ушул тапта ооруканаларда 4 636 киши, үйүндө 13 741 бейтап дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0