Оштогу шайлоодо "Ынтымак" жарыштан четтетилди. Партия эмнесинен жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз шайлоо учурунда добуш берип жатат
Кыз шайлоо учурунда добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Партиянын талапкери Бахадир Латиханов кармалганда жанынан 115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси чыккан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Добуш сатып алуунун айынан "Ынтымак" партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан четтетилди.
Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, "Ынтымак" партиясынан талапкер Бахадир Латиханов добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Милиция текшергенде анын жана агитаторлорунун жанынан 115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси чыккан. Муну негиз кылып "Общее дело" коомдук уюму Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) партияны жарыштан четтетүү сунушу менен кайрылган. Бирок АШК аны канааттандырган эмес. Буга байланыштуу коомдук уюм БШКга даттанган. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени комиссиянын жыйынына алып чыгып, "Ынтымакка" эскертүү берүүнү сунуштады.
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Ошто милиция добуш сатып алууга шектелген дагы бир талапкерди кармады
БШК мүчөлөрү маселени карап жатканда партия лидери Марлен Абдрахманов жумушчу топтун чечимин колдоп берүүнү сурады. Бирок талкуу учурунда кырдаалга жараша Абдрахманов кайра сөз алып, "эгер эскертүү берүү сунушун колдобосоңуздар, партияны жарыштан четтетүү тууралуу өзүм арыз жазайын, ошону колдоп бериңиздер. Анткени биз Бишкекте да катышып жатабыз, терс таасирин тийгизбесин" деп суранды.
Натыйжада БШК партия лидеринин арызынын негизинде "Ынтымакты" жарыштан четтетүүгө макул болду.
Мындан улам бюллетендеги тизмеден партиянын атын кол менен сызып салышкан.
Ошентип, бүгүн Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого сегиз партия катышып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0