Оштогу эки мекемеде СOVID-19ду аныктоо боюнча ПЦР-тест арзандады

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ПЦР-тест учурунда. Архив
Медициналык кызматкер ПЦР-тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Баа болжол менен 650 сомго төмөндөдү. Эми коронавирусту аныктоо боюнча ПЦР-тесттин баасы мурдагыдай 1 574 сом эмес, 927 сом болмокчу.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Оштогу илдеттерди алдын алуу райондор аралык борбору менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде СOVID-19ду аныктоо боюнча ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Агенттик керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында аталган мекемелер менен бааларды кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Агенттиктин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн буйругуна ылайык, эми коронавирусту аныктоо боюнча ПЦР-тесттин баасы мурдагыдай 1 574 сом эмес, 927 сом болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0