Шайлоо участогундагы бюллетендер. Архив

Ошто шайлоочу добуш бергенден кийин бюллетенди тытып салды. Чоо-жайы

206
(жаңыланган 11:47 11.07.2021)
Калаада 78 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоочулардын саны 152 миң 718ди түзөт. Депутаттык орунга сегиз партия ат салышууда.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып салды. Бул маалыматты аталган шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлбара Алдыракова тастыктады.

Анын айтымында, бюллетенди тытып салган шайлоочу жаңылып, өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүргөн. Бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылган.

Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого сегиз партия катышып жатат. Калаада 78 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоочулардын саны 152 миң 718ди түзөт.

206
Белгилер:
Ош шаары, бюллетень, шайлоо
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)
Тема боюнча
Оштогу шайлоодо "Ынтымак" жарыштан четтетилди. Партия эмнесинен жазды
Шайлоочулардын 5 пайызы добуш берди. Саат 10:00гө карата маалымат

Инспекторлор маршрутка айдоочуларынан жол эрежесин сурады. Кооптондурган видео

6
(жаңыланган 17:47 05.08.2021)
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги маршрутка айдоочулары канчалык деңгээлде жол эрежесин билерин текшеришти.

Башкармалыктын маалымат кызматы аталган ролик аварияларды алдын алуу иштеринин алкагында тартылганын белгиледи. Инспекторлор каттамдын аягында токтоп турган айдоочуларга барып жол белгилерин көрсөткөн. Мындай "экзаменди" таксисттерден да алышкан.

Анда айдоочулар жол эрежесин билбей турганын моюндап, кээ бири унутуп калганын айтты. Айрымдары "негизги жол" жана "жол бошотуп бер" деген белгилерди да билбей койду.

ЖКККББ бир гана 1987-жылдан бери унаа айдап жүргөн киши бардык жол белгилерин туура айтканын белгиледи. Калгандарына инспекторлор окуп-үйрөнүүгө кеңеш берген.

Ошондой эле бул ролик айдоочуларды шылдыңдоо эмес, башкалар да көрүп эрежелерди кайталап окуп алышсын деген максатты көздөй турганын билдиришти.

Ведомство жакында видеонун экинчи бөлүгүн чыгарарын убадалады.

6
Белгилер:
ролик, инспектор, жол эрежеси, айдоочу, маршрутка
Тема боюнча
Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Таалайбек Сарыбашов район акимдери менен таанышып, тапшырма берди. Сүрөт

5
(жаңыланган 17:45 05.08.2021)
Мэрдин милдетин аткаруучу администрация башчыларына ордо калааны тазалоо, көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов райондордун акимдерин кабыл алып, алардын жасап жаткан иши менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, администрация башчылары аткарып жаткан иштери жана райондогу ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов райондордун акимдерин кабыл алып, алардын жасап жаткан иши менен таанышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Билдирмеге караганда, администрация башчылары аткарып жаткан иштери жана райондогу ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов райондордун акимдерин кабыл алып, алардын жасап жаткан иши менен таанышты

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, ордо калааны тазалоо, көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

5
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, мэр, аким, таанышуу
Тема боюнча
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады
Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды