Таалайбек Сарыбашов кайрадан Ош мэри болгусу келерин айтты

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Шарт боюнча жаңы шайланган депутаттар калаа жетекчисин дайындашат.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодо добуш берген соң, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кайрадан калаа жетекчиси болом деген ниети бар экенин билдирди.
Сарыбашов муну шайланган депутаттар чечерин, эгерде алар сунуштаса учурдагы кызматына кайра бара тургандыгын кошумчалады.
Бишкек шаарындагы No24 мектептеги шайлоо участкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Шайлоочулардын 5 пайызы добуш берди. Саат 10:00гө карата маалымат
Бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Ош шаарындагы 78 шайлоо учактогу иштеп, аларда 152 миң киши добуш берери күтүлүүдө. Шарт боюнча жаңы шайланган шаар депутаттары калаа жетекчисин дайындашат.
Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэрлигине 2018-жылы шайланган. Былтыркы октябрь окуяларында иштен кетип, саясий кырдаал турукташкандан кийин кайра жетекчилик милдетин аткара баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0