Бишкекте Курман Айт учурунда мусулмандар намазда. Архив

Курман айт качан болору айтылды

224
(жаңыланган 15:10 11.07.2021)
20-июль, шейшемби күнү, өлкөдө Курман айт майрамы белгиленгенине байланыштуу бул күнү кыргызстандыктар эс алат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

"Дүйшөмбү, 19-июль, арапа күнү, ал эми Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, эреже боюнча Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет.

224
Белгилер:
Курман айт майрамы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дин менен салтыбызды чогуу алып кетели. Муфтий Замир кары Ракиев менен маек
Абдишүкүр Нарматов да бар. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси чыкты
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архиа

Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы

8
(жаңыланган 09:45 26.07.2021)
Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 12 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлүм катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Чүй облусу – 4.

Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

8
Белгилер:
өлүм, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек
Киши жолду өтүп бара жатат. Архив

Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек

28
Милиция элдин аң-сезиминде жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү деген ой калыптанып калганын, бирок жөө жүргөндөр да бир катар эрежелерге көңүл кош карап жатканын айтты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы акыркы алты айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү бар экени маалым болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

"Көпчүлүгүбүздүн аӊ-сезимибизге "жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү, алар жооптуу" деген ой сиӊип калган. Бирок статистикада андай эмес экен", — дешти ОШ ШИИББден.   

Тагыраагы, жарым жылдагы 280 жол кырсыгынын 150сүндө жөө кишилер катышкан жана алар бир катар эрежелерге көңүл бурбай жатканы айтылат. Атап айтканда:  

  • жолдо жүрүүнүн эрежелерин билишпейт же сакташпайт; 
  • атайын жөө жүргөндөр үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт; 
  • жаш балдарын жалгыз жолдун аркы өйүзүндөгү дүкөндөргө жумшашат;   
  • жолдо өтүп бара жатышып кулакчын тагып алышат же телефон кармалашат. Кээде катуу ойлонуп же башка нерсеге алаксышат; 
  • мас болуп жолго чыгып алышат;   
  • тротуар менен эмес, жол бойлоп басышат; 
  • жолдон жүгүрүп же велосипед айдап өтүшөт. 

Ош шаардык милициясы жөө жүргөндөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында атайын рейд уюштуруп жатканы кошумчаланды.  

Маселен, өткөн жумадагы рейдде Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол эрежесин бузгандарга карата 1 288 протокол түзүлгөн. Анын ичинен алты айдоочу мас болуп кармалып, 75 автоунаа айып короого киргизилди. Ошондой эле 34 айдоочунун документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жөө жүргөн кишилерди калаа аймагында атайын белгиси бар жерлерден гана өтүүнү, жол эрежесине так, өздөрүнө сак болууга чакырды.

28
Белгилер:
эреже, жол кырсык, жөө жүрүш, милиция, Ош
Тема боюнча
Министр: автоинспекторлор үч смен менен иштейт
Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды