Бишкекке 1 млн. 250 миң доза Sinopharm вакцинасы алып келинди

© AFP / ROBERT ATANASOVSKIМедициналык кызматкер COVID-19 каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда алгачкы эмдөө Кытайдын Sinopharm вакцинасын колдонуу менен башталган. Кийинчерээк ал жок калып, кыргызстандыктар "Спутник V" менен эмделип жаткан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген 150 миң доза вакцина да алып келинди.
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди
Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган
1/2
Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди
2/2
Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган
Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Sinopharm вакцинасы облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлө турганын айткан:
  • Бишкек — 240 миң доза;
  • Ош шаары — 110 миң;
  • Ош облусу — 175 миң;
  • Чүй облусу — 200 миң;
  • Ысык-Көл облусу — 120 миң;
  • Жалал-Абад облусу — 165 миң;
  • Баткен облусу — 80 миң;
  • Нарын облусу — 80 миң;
  • Талас — 80 миң.
Жаңылыктар түрмөгү
0