Төрт сааттан соң шайлоо бүтөт. Бишкекте добуштардын саны 20%га жете элек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы шайлоо участкасында улгайган аял
Бишкек шаарындагы шайлоо участкасында улгайган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Жалпысынан 617 517 шайлоочу катталган. Добуш берүү процесси бүтөрүнө төрт саат калганда катышкандардын саны 21,4 пайызды түздү.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 16:00гө карата 132 139 адам добуш берди же шайлоочулардын жалпы санынын 21.4 пайызын түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, шайлоого катышкан жарандардын саны Ош жана Токмок шаарларында 30 пайыздан ашты, ал эми Бишкекте 20 пайызга да жете элек.
Шаарлар боюнча:
  • Бишкек – 71 629 адам же шайлоочулардын 16.79 пайызы;
  • Ош – 48 977 же 32.07 пайыз;
  • Токмок – 11 533 же 30.27 пайыз;
  • Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100.
Жаңылыктар түрмөгү
0