COVID-19га каршы эмдөө. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктарды COVID-19га каршы жапырт эмдөөдөн өткөрүү иши башталды

106
(жаңыланган 12:25 12.07.2021)
Жакынкы күндөрү президенттик аппаратта, министрлер кабинетинде иштегендерден тарта айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чейин вакцина ала турган болду.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууга да тапшырма берилген. Ошол эле учурда бардык диний конфессиялардын өкүлдөрүнө, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакцина алуу сунушталган.

Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Ал эми президент Жапаровдун коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу маалыматтар чыга элек. Буга чейин, тагыраагы, 25-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекет башчыга вакцина сайдыруунун кажети жоктугун айткан.

Кыргызстанда учурда коронавирус күчөп турган чагы. Бир суткада 1 330 кишиден коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду.

106
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, Садыр Жапаров, эмдөө
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (212)
Тема боюнча
СOVID: Бишкекте жана калаа четиндеги ооруканаларда 200дөн ашуун орун бар
Кош бойлуу аялдарга кайсы учурда эмделүүгө болбойт? Адистин жообу
Бишкектеги киберспорттук мелдештин катышуучулары. Архив

Бишкекте киберспорттук мелдеш өтөт. Жеңүүчүлөр дүйнө чемпионатына катышат

25
(жаңыланган 15:26 05.08.2021)
Кыргызстандыктарга өз өлкөсүн эл аралык аренада даңазалоого жана квалификациялык мелдеште байгелүү орундарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте киберспорттун төрт түрүнөн IESF World Championship 2021 дүйнөлүк мелдешке тандап алуу боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Компьютердик спорт федерациясы билдирди.

Тандоо турунун жалпы байге фонду 82 миң сом. Кыргызстандыктар үчүн ачык болгон мелдеш аталган оюндун CSGO (14-август), DOTA 2 (15-август), Tekken 7 жана PES 2020 (22-август) түрлөрүнөн болот.

Спорттук федерация өзүнүн расмий сайтына командалардын катталуусу үчүн шилтемелерди жана байге фонду, демөөрчүлөр, мелдеш өтүүчү жайдын дареги тууралуу маалыматтарды чыгарды. Мелдештин шарттары тууралуу төмөнкү шилтемеден кенен маалымат алууга болот.

Оюндун ар бир түрү боюнча жеңүүчүсү өз өлкөсүнүн атынан дүйнө чемпионатына катышат.

Эл аралык киберспорт федерациясы жыл сайын IESF World Championship мелдешин өткөрүп келет. Ал эми улуттук федерациялар тандоо оюндарын уюштуруп, мыктыларды тандап, курама команда түзүшөт. Быйыл дүйнөлүк биринчилик Израилде өтөт. Ага 106 өлкөнүн киберспортчулары катышары күтүлүүдө.

25
Белгилер:
Кыргызстан, киберспорт, мелдеш, Компьютердик спорт федерациясы
Тема боюнча
Турусбеков: өлкөдө компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүүдө
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Кой-Таш окуяларына 2 жыл. Атамбаев элге билдирүү жасады

114
(жаңыланган 14:26 05.08.2021)
Кыргызстандын мурдагы президенти кайрылуусунда тарапташтарынын колдоосун абактан сезерин жана Кой-Таш окуясы боюнча чындык акыр-аягы айтыларын белгилеген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуяларынын эки жылдыгына карата коомчулукка билдирүү жасады. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы президенттин кайрылуусун тезис түрүндө сунуштайбыз.

Акаевдин башкаруусунун күнү 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуялары башталганда бүтсө, Жээнбековдор кланынын режими 2019-жылдын 7-августунда аяктай баштаган. Бул күнү мамлекеттик кайтаруудагы үйдүн ичиндеги жай тургундарга Жээнбековдордун кланы кол салган. Алар Баш мыйзамга баш ийбей каалаганын жасашты. Дал ошол күнү азыркыга чейин уланып жаткан башаламандыктын пайдубалы түзүлгөн;

Конституция, мыйзам бузулуп кесиптештери камалып жатканына депутаттар таң калбай эле койсун. Анткени алар экс-президентке карасанатайлык кылабыз деп минаны өздөрүнө-өздөрү коюп алган;

2019-жылдын август айында Жээнбековдун кланы жеңишти майрамдады. Алар бизди түп-тамыры менен жок кылабыз деп ойлошкон. Бирок биздин данек экенибизди эстен чыгарып коюшкан. 14 айдан кийин дал ошол данек өсүп-жетилип, эл чыдабай Жээнбековдордун бийлиги кулады. Ал күнү Кой-Таш окуяларын башкарып жүргөн Жунушалиев, Опумбаевдер жазадан коркуп изин суутуп качышты. Башкы прокурор Жамшитов менен башкы айыптоочу Бекмаматов дароо кызматтан кетишти;

Кой-Таш окуясы боюнча чындыкка жаңы бийлик деле жеткен жок. Тескерисинче, Кой-Таш окуясы боюнча ишти караган Аширходжаев, Жумабаев жана Набиев кызматынан көтөрүлүп, ИИМ менен УКМКнын башка тергөөчүлөрү кайрадан башаламандык жасап жатышат. Баса, алар менин, Бакиевдин убагында кылмыш иштерин карап жүргөн прокурор, тергөөчүлөр болуп чыкса таң калбайм. Эч нерсеге таң калбай калдым;

Садыр Жапаров "убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек" деген маанилүү пост жазды. Бул сөз башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып, ал жакта жашап жүргөн качкын президенттерге эле эмес, Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде саясий оппоненттерге да арналат деп ишенем;

Садыр Жапаров буйрутма менен кылмыш ишин ачкан прокурор, тергөөчүлөрдөн арылышы керек. Дал ошол адамдар Сооронбай Жээнбековду сазга батырган. Эгерде Садыр Жапаров алардан арылбаса, термелип турган азыркы абалдан кутула албайт, аны менен катар Кыргызстанды саздан сууруп да чыга албайт.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуяларында жабыркаган жай тургундарга, жакын санаалаш, тарапташтарына ыраазычылык билдирип, алардын колдоосун абактан сезерин белгилеген.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

114
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, экс-президент, кайрылуу, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Жактоочу: Атамбаев 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө
Милиция: Ниязов менен Атамбаев түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берген