Борбор калаадагы Ала-Тоо аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту

Бишкекте COVID-19га каршы вакцинаны кайдан алса болот. Даректер

128
(жаңыланган 13:30 12.07.2021)
Коронавируска каршы эмдөө жайлары бир гана медициналык мекемелерде эмес, соода борборлору, базарлар жана окуу жайларда дагы ачылды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Бишкекте эмдөө жүргүзүп жаткан жайлардын тизмесин жарыялады.

Вакцина алуу үчүн жарандын жанында паспорту болушу керек.

Медициналык мекемелер:

  • №4 үй-бүлөлүк медицина борбору — Ибраимов көчөсү, 181;
  • №35 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - №17 үй-бүлөлүк медицина борбору — Чоң-Арык айылы, Семетей көчөсү, 152;
  • Темир жол ооруканасы — Крылов көчөсү, 5;
  • №1 үй-бүлөлүк медицина борбору — Фучик көчөсү, 15;
  • №7 үй-бүлөлүк медицина борбору — Тоголок Молдо көчөсү, 3;
  • №2 үй-бүлөлүк медицина борбору — 3-я Линия көчөсү, 25;
  • №3 үй-бүлөлүк медицина борбору — Логвиненко көчөсү, 30/1;
  • №5 үй-бүлөлүк медицина борбору — Көлбаев көчөсү, 42;
  • №19 үй-бүлөлүк медицина борбору — 5-кичи район, 16/1;
  • №6 үй-бүлөлүк медицина борбору — Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75;
  • №14 үй-бүлөлүк медицина борбору — Наманган көчөсү, 28;
  • №8 үй-бүлөлүк медицина борбору — Чүй проспекти, 40;
  • №9 үй-бүлөлүк медицина борбору — Курманжан Датка көчөсү, 109 А;
  • Студенттер бейтапканасы — Рыскулов көчөсү, 8;
  • №33 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - №13 үй-бүлөлүк медицина борбору — Калыс-Ордо конушу, Калыс-Ордо көчөсү;
  • №15 үй-бүлөлүк медицина борбору — 6-кичи район, №1;
  • №16 үй-бүлөлүк медицина борбору — Панфилов көчөсү, 4;
  • №12 үй-бүлөлүк медицина борбору — Кривоносов көчөсү, 206 б;
  • №10 үй-бүлөлүк медицина борбору — Бөкөнбаев көчөсү, 61;
  • №11 үй-бүлөлүк медицина борбору — Киев көчөсү, 154;
  • №13 үй-бүлөлүк медицина борбору — Токтогул көчөсү, 250;
  • №18 үй-бүлөлүк медицина борбору — Тыныстанов көчөсү, 1.

Жеке медициналык борборлор:

  • "Малыш" — Ибраимов көчөсү, 181;
  • Асымбекованын медицина борбору — Жал кичи району, Тыналиев көчөсү, 18;
  • "Кроха" — Ибраимов көчөсү, 84/1;
  • "Элкрит" — Ахунбаев көчөсү, 107;
  • "Семья" — Ибраимов көчөсү, 42;
  • "312" — Исанов көчөсү, 60;
  • "Эдельвейс" — Асанбай кичи району, 8/2;
  • КРЗиВРТ — Юнусалиев көчөсү, 300.

Башка мекемелерде:

  • Раззаков атындагы КМТУ — Айтматов проспекти, 66;
  • Бишкек медициналык колледжи — Логвиненко көчөсү, 8;
  • КУУ — Фрунзе көчөсү, 547;
  • КММА — Ахунбаев көчөсү, 92;
  • "Кенч" соода борбору — Киев көчөсү, 260/5;
  • "Азия Молл" — Айтматов проспекти, 3;
  • "Томми" — Токомбаев көчөсү, 17/2;
  • "Космопарк" — Юнусалиев көчөсү, 40а;
  • "Вефа" — Байтик баатыр көчөсү, 98;
  • "Бишкек парк" — Киев көчөсү, 148;
  • "Детский мир" — Чүй проспекти, 147;
  • "Чынар" — Аламүдүн-1 кичи району, 63/1;
  • "Ош" базары — Бейшеналиева көчөсү, 20;
  • "Орто-Сай" базары — 7-кичи район;
  • "Дордой" базары — Кожевенная көчөсү, 1;
  • "Аламүдүн" базары — Курманжан Датка көчөсү, 150.
  • "Берекет универсал" — Фучик көчөсү, №20/3;
  • "Таш-Рабат" — Горький көчөсү, 1г.
128
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Бишкек
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (188)
Тема боюнча
Бишкек, Ош, Чолпон-Атада эмдөө борборлору күнү-түнү иштейт
Кыргызстандыктарды COVID-19га каршы жапырт эмдөөдөн өткөрүү иши башталды
Үйүндө беткап кийген аял. Архивдик сүрөт

COVID 20 пайыздан ашык кыргызстандыктардын психологиясына терс таасир этти

6
Коронавирус көбүнесе Ош шаары менен Талас облусунун тургундарын тынчсыздандырган. Ал эми Нарын, Ысык-Көл жана баткендиктер аны жеңилирээк кабыл алган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. COVID-19 күч алып жаткан учурда өлкө элинин 20 пайыздан ашыгынын эмоционалдык абалы начарлаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

"Уйкунун бузулуусу, тынчсыздануу, маанайдын чөгүшү, жакын адамдар менен талашып-тартышып, пикир келишпестиктердин пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр шаарда жашаган ар бир төртүнчү үй-бүлөдө, айылда жашаган ар бир алтынчы үй-бүлөдө кезиккен", — деп айтылат билдирүүдө.

Психологиялык жактан кыйналуу көбүнесе Ош шаары (38 пайыз) менен Талас облусунун (29,4 пайыз) тургундарында кездешкен.

"Ошол эле учурда Нарын (1,9 пайыз), Ысык-Көл (4,4 пайыз) жана Баткен (5,9 пайыз) облустарынын жашоочулары вирус тарап жаткан учурда көп тынчсызданган эмес", — деп айтылган Статком тараткан маалыматта.

Бул боюнча сурамжылоону Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь, декабрь айларында жүргүзгөн.

6
Белгилер:
коронавирус, психология, сурамжылоо, калк, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
Кант диабети барлар COVID-19га каршы кандай учурда эмделиши керек
Индияда дарбыз саткан сатуучу. Архивдик сүрөт

Индияда көчөдө соода кылган 250 адам миллионер болуп чыкты. Жашырган сыр ачылды

48
Айрымдары байлыгын жашырып, мүлктөрүн туугандарына каттатып алса, кээ бирөөлөр түрдүү схемаларды пайдаланышкан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчө соодагери сымал жүргөн. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты. 

Арасында мөмө-жемиш саткан, аптека күркөсүнө ээлик кылган, эски буюмдарды чогулткандары бар. Алар мындай ыкма менен көп жылдар бою салык төлөбөй келишкен.

Салыкчылар белгилегендей, байлыгын жашыргандар жалпысынан 37,5 миллион рупий (487 миң доллар) топтоп, аны кыймылсыз мүлк алууга гана сарпташкан. Маалым болгондой, айрым темир чогулткандар үчтөн автоунаанын ээси болуп чыккан. Көпчүлүгүндө гектарлаган айыл чарба жерлери бар экени аныкталды.

Бул миллионерлер салык органдарында байлыгын жашыргандарды аныктоого жардам берген чоң маалымат программасы болгонго чейин мүлктөрүн катып келишкен. Бери дегенде азык-түлүк саткан 65 дүкөндүн ээлери жана фармацевттер бизнестерин каттаткан эмес. Айрымдары байлыгын жашырып, сатып алынган мүлктөрдү үй-бүлө мүчөсүнө жаздырса, кээ бирлери түрдүү схемаларды пайдаланган.

48
Белгилер:
мүлк, байлык, салык, Индия
Тема боюнча
Декларация тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды